Тырмагыңыз ден-соолугуңуз тууралуу эмне дейт?

Дарыгерлер тырмакка күтүм жасоо менен катар ага өтө маани берүү керек дешет. Себеби ал организмдеги кээ бир оорулардан кабар бериши мүмкүн.

Саргыч түс

Эгер тырмак саргайса, боордун оорусунан, псориаздан кабар берет.

Көгөрүп калса

Гемоглобиндин төмөндөшү, кан айлануу менен дем алуу жолдорунун начарлап жатканын билдирет.

Ак тактар

Алар бир пайда болуп, кээде жоголуп кетет. Ага көпчүлүк учурда маани бербей келебиз. Ал организмге цинк менен кальцийдин жетишпестигинен пайда болот. Ошондой эле бөйрөк ооруларынан кабар берет.

Туурасынан кеткен “оюктар”

Булардын пайда болушунун себеби – 1. Узак убакыттан бери стрессте болуу, 2. Зат алмашуу системасынын бузулушу.

Тигинен кеткен сызыктар

Көбүнчө жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу пайда болгондуктан, улгайган адамдарда кездешет. Бирок ал жаш адамдарда да болушу мүмкүн. Андай жагдайда организмге суюктуктун жетишпестиги тууралуу кабар берет.

Сынып жана катмарланып кеткен болсо

Анын бир нече себептери бар. Эң көп таралганы – А, Е, Д витаминдеринин, темир менен цинктин жетишпестиги. Ошондой эле, эндокриндик, жүрөк-кан-тамырлар системасындагы маселелер менен диабеттин алгачкы белгиси болушу мүмкүн.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу