Тынчтык Алтымышев, журналист: «Тааныш дарыгерлерден уктум, Артыкбаевдин жүрөгүнүн ооруусу олуттуу экен…»

Мындай маалыматты белгилүү журналист Тынчтык Алтымышев, «Фейсбук» соцбаракчасына жазып чыкты. «Адамды кылган кылмышы, жасаган калпыс иши үчүн сындашыбыз керек. Албетте, мыйзам алдында минисрби, депутатпы, шоопурбу, механикпи баарыбыз бирдей жоопкер болушубуз керек. Бирок, мендеги өздүк маалыматтар боюнча үстүнөнө кылмыш иши козголгон Осмонбек Артыкбаевдин абалы чындап жакшы эмес экен. Тааныш дарыгерлердин билдирүүсүндө анын жүрөк оорусу олуттуу. Андыктан, анын аман-эсен чыгып, сот алдында күнөөсү бар жогун аныкташын ичимден тилеп койдум»,-дейт ал. Тынчтык Алтымышев калыс журналист катары таанымал. Анын Осмонбек Артыкбаев тууралуу тараткан маалыматында демек чындык бар.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу