Тынар КУРБАНАЛИЕВ: «Сатираларымдын айынан балдарымды уурдап кеткен да күндөр болду»

«Аралаштын» алп куудулдарынан кийинки муундан суурулуп чыгып, жылдызы жанган куудул Тынар Кубаналиев болду десек болот. Быйыл чыгармачылыкка аралашканына 20 жыл толуп турган куудулдун куйкум сөзү оозунда. Эч нерседен коркпой баарын бетке ачык айткан Тынар менен чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кенен маек курдук.

— Тынар мырза, YouTube каналына кирсек эле сиздин видеолоруңуз жаңырып чыгып калат. Ай сайын концерт берип атасызбы?

— Ооба, Ош шаарында ай сайын коюп аттым. Улам жаңы сатираларды ойной берсең, көрүүчүлөр ай сайын болсо да концерт көргөнү келе беришет. Акыркы жолу 5-марттан 9-мартка чейин концерт бердим. Билет түгөнүп калып, бир күндө экиден сеанс болуп жатты. Негизи Ошто кандай концерт болбосун зал толо эл келет. Анткени Оштун эли позитивдүү жашаганды жакшы көргөн эл, күлкү менен жашап, жашоосун шаңдуу өткөрөт. Ал эми борборго келсең, баары эле көр тирилик, оокат деп ошонун артынан түшүп алгандай. Ошто деле ушундай тирилик бар, бирок алар иштеп, ошол эле учурла ошонун үзүрүн көрүп жашаганды билишет.

— Кайра эле Ошко концерт бергенге даярданып жатыптырсыз, Бишкекке качан коёсуз? 

— Чынында Бишкек шаарына жеке концертимди бере элекмин. Учурунда берейин деп даярданып турсам, жогорку жактагылардын таасиринен мага зал берилбей калган. Быйыл чыгармачылыгыма туптура 20 жыл болуптур, 5-майдан 9-майга чейин Ошто, андан кийин Жалал-Абадда деп турам.Бишкекке коёмбу билбейм, балдар: “Коёлу”, — деп атышат. Бирок койгон менен көрүүчү аз келет.

— Жакында Рахман Разыков экөөңүздөрдүн ортоңуздарды кара мышык аралады деп угуп калдык…

— (күлүп) Жок. Эми бизде эмне болбосун, баарын тескери жагына жоорушат. Рахман агайдын колунда 18 жыл иштедим. «Бешилик» тобундагы беш жигиттин арасынан Рахман агайдын колунда менчелик эч ким жүргөн жок. “Устат ыраазы болмоюнча шакирт жарыбайт”, андыктан ошол кишини нааразы кылбайын деп колумдан келген аракетимди жумшап, колуна кол, бутуна бут болуп иштеп бердим. Кандай жумушу болбосун, концертимден баш тартып коюп барып кылып жүрдүм. Үй-бүлөдө деле бала-чакалуу болгончо атаңдын колуна карап олтура берсең болбойт го. Андыктан Рахман агай экөөбүз жакшылыкча сүйлөшүп, ал ыраазычылыгын билдирип, өз алдымча чыгармачылыгымды баштадым.

— Сатираны сизге Рахман Разыков жазып берчү эмес беле, бүгүнкү күндө өзүңүз жаза турган деңгээлге жеттиңизби?

— Ошо сатираны жазып үйрөнүү үчүн агайдын колунда 18 жыл жүрдүм да. Мына Кудай буйруса, жакында болчу концертимде өзүм жазган эмгектеримди элге тартуулайм. Бул убакка чейин эки сатира жазып Рахман агайга алып барсам, аябай жакшы сатира болгонун айткан. Эки сатираны тең Абдылда байке менен ойногом, экөө тең ийгиликтүү чыккан. Азыр 9 миң сомдук көчөттөр менен 600 долларлык кычкачтар тууралуу кызыктуу сатиралар жаралып жатат.

— Демек, дагы деле саясат тууралуу ойной берет экенсиз да…

— Рахман агайдын «Сот» деген сатирасын ойноп атып: «Бийлиги болобу, оппозициясы болобу, кимиси туура эмес кылып атса айтканым айткан.Колунан келсе, асманды таштап жиберишсин», — деп айтканым бар. Мен дагы деле ошол сөзүмдөн кайтпайм. Ислам дининде деле туура эмес нерсени көрүп айтпай койсоң, ошонун күнөөсү сага жазылып кете берет.

— Сизге болгон кысымдардан көңүлүңүз калган жокпу? 

— Кысым толтура болду, ушул күнгө чейин да болуп атат. Бул убакка чейин айтпай жүрдүм эле эми айтышка туура келип калды. Сатираларымдын айынан үй-бүлөмө чейин кийлигишишти. Ал нерсе кимдер тарабынан кылынганын сезип эле турдум. Бир жолу кечки саат бештерде мектептен чыккан кызымды алып кетип тогуздарда коё беришти. Ал аралыкта машинанын ичинде эле алып олтурушкан го: «Атаңа айтып кой», — деп бир аз сөздөрдү айтышыптыр. Мен кызымды издеп ары жак, бери жакка чалып аткам. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө коркунуч жок эле. Кызым 8-класста окуйт, оюнкараак бала көп нерсени деле түшүнбөйт да. Бул тууралуу коомчулукка деле билдирген эмесмин. Арыз жазасызбы дегендер болду, аны каалаган жокмун. Жашоо бумеранг деп коёт, кимге эмне кылса, ал өз башына келет. Кудайга койдум дедим, алардан коркпойм. Урук-туугандар да: «Балдарыңа коркунуч келди, токтот», — дегендей кылышты, бирок мен көрүп туруп айтпай коё албайм.

— Сиз көп учурда концерттер менен түштүк жергесинде болсоңуз, үй-бүлөңүз каякта болот?

— Үй-бүлөм Бишкекте эле. Мен 20 жылдан бери талаада жүрүп, талаанын турмушуна көнүп бүткөм. Бишкекте үйдө эң көп турсам он күн гана тура алам. Он күндөн ашкандан кийин эле моюнум кыйшайып, Ошко же Жалал-Абадга кетким келе берет. Үй-бүлөм деле менин жумушум ошондой экенин билип, каршылык кыла алышпайт. Жалал-Абадда өз үйүм бар. Оштон талаш болуп кетем, досторум: «Меникине барасың», — деп турушат. Ал эми жылсайын орозо учурунда чыгармачылыгыма тыныгуу кылып, орозо кармап үйдө болом.

— Көбүнчө талаа-түздө жүрсөңүз, балдарыңызга кандай атасыз, тарбия бересизби?

— Мен бош убактымды толугу менен балдарыма жумшап, алар менен өткөргөнгө аракет кылам. Азыр көрүп атасың го, экөөнү ээрчитип паркта жүрөм. Жумуш деп талаалап жүргөнүмдө балдарым мага муктаж экенин билем, ошол мээримди келгенде толуктап турам. Балдарымды өтө эле катуу кармап олуттуу ата боло бербейм же өтө эркелетип жибербейм. Баарын сүйлөшүү менен түшүндүрөм. Мени көргөндөр: «Балдарың менен классташыңдай сүйлөшөт экенсиң», — деп калышат. Баланы ошого көндүрүп койсоң, оюн сурап турсаң алар ата-эне менен дайыма ачык мамиледе болушат деп ойлойм. Кызым 8-класска, уулум 7-класска окуп чоңоюп калышты. Буюрса, быйыл күз айларында наристе жытын жаттасак деп, үчүнчү балабызды күтүп атабыз.

— Эки балаңыз эгиздердей болуп ээрчишип жүргөнүнүн көрүп суктандым, бул нерсе сиздин аракетиңизденби же жубайыңыз Элиза эже менен уулуңуздун апасы Лилия Абдубаитованын түшүнүктүүлүгүнөнбү?

— Албетте, балдарымдын апаларынын түшүнүктүүлүгүнөн десем болот. Эгерде алар түшүнбөгөн немелер болсо, эки күндүн биринде чуру-чуу болуп жүрмөкпүз. Андыктан экөөнө тең ыраазымын, Мунун пешенеси ушул экен деп мага түшүнүп, эки баламды бир туугандык мамилесинен ажыратышкан жок.

— Апаңыздан ажырап калганыңызды айттыңыз эле, арты кайырлуу болсун! Оор жоготуудан кийин кайгыдан бир аз болсо да арылгандай болдуңузбу?

— Апамды былтыр жоготуп алдым, 79 жашта эле. Азыр айылга баруу мен үчүн абдан оор, кыйналам. Анткени мурда түнкү саат үчтө келсем да, апам дарбазаны ачып, үйгө киргизип жылуу тамагын берчү. Азыр мага ошол нерсе жетишпейт. Учурда ата-энемдин үйүндө эң улуу агамдын баласы үй-бүлөсү менен жашайт. Ал биздин колдо чоңоюп, эң кенжебиз болуп калган. Мурда бирөөлөрдөн: «Карыганда жетим калган жаман экен», — дегенди угуп, түшүнчү эмесмин. Көрсө, чоңоюп, акыл-эсиң токтоп, эне эмне экенин, эненин мээрими кандай экенин түшүнүп, билип калгандагысы жаман экен. Он күн мурун тойго барып Апаз Жайнаковдун апасына арнап жазган «Бадам гүлү» деген чыгармасын угуп калдым. Ага катуу таасирленген жаным жолдо апамды эстеп келип, үйгө келип апамдын портретин карап алып таңкы төрткө чейин ыйлап жаттым. Мен апамдын эң кичүү баласы элем. Атам 11-классымда өтүп кеткен, ал кезде оюнкараак бала болуп көп сезбептирмин. Апама болсо өтө жакын элем. Апам 3-4 күн ооруду, өз колумдан узаттым. «Балам сени эл үчүн туугам, элди нааразы кылба, баарыңарга ыраазымын», -деп бетимен эки жолу өптү да кете берди. Бир арманым апамды ажыга жөнөтө албай калдым. Негизи андай ниетим бар болчу, бирок мурунку жылы кезек жетпей калган. Ал эми курортко эс алдырып, көлгө алып барып, баарын эле кылдым. Тагдырдын өкүмүнө, Алланын буйругуна баш ийет экенбиз да, жашоо өтө берет экен.

Динара ЧОКОЕВА

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу