ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ КТРКга НААРАЗЫ

«120 кой» сатирасын ойноп атагы артып, ошол эле маалда тымызын кысымга да кабылган куудул Тынар Курбаналиев буга чейин «концерт коёлу десек зал бербей жатат» деп нааразы болгону бар эле. «Спорт Ордосун эптеп алып, концерттин жарыясын берели десем КТРК жарыябызды кабыл албай койду» деп нааразычылыгын айтып куудул бизге кайрылды.
– Концерт коёлу десек бизге зал бербей жатышкан. «Эмнеге бербей жатасыңар?» десек, жооп айта алышпайт. Эмнеге бербей жатканын өздөрү деле түшүнүшпөйт экен. Спорт Ордосунун директоруна кирип залды эптеп алдым. Анан «концерттин жарыясын берейин, канча десеңер төлөйүн» деп КТРКга барып сүйлөшсөм, менеджери «убакыт жок, бере албайбыз» деп калды. «Эмнеге бере албайсыңар?» десем, «шеф ушинтип айтты» дейт. Шефине кирейин десем кабыл албай койду. Президентибиз быйылкы жылды «Ыйман жана маданият жылы» деп жарыялаган. Телевидениенин жетекчилиги маданият кызматкерлерин колдогондун ордуна бут тосуп жатышат. Бул деген президентке каршы чыкканы деп түшүнөм. Бирин-бири ушактап, жамандагандарга кенен убакыт бөлүп, элдин маанайын көтөргөн концерттин жарыясын акча төлөп чыгарууга 2 секунд убакыт бере алышпаганы мени таң калтырды,- дейт ачууланган куудул Тынар Курбаналиев.

Булак: super.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу