Туура тамактануу тартиби…

Организм калыптуу кызмат кылуу үчүн кандай тартип менен тамактануу керек?

Таңкы 5-7 саат аралыгы «ичеги оорусу» деп аталат. Ошондуктан эртең менен ойгонгон бойдон таза, жылуу суу ичүү керек. Жаңы жемиштердин ширесин жасап ичиңиз.

Күндүзгү 12-14 саат аралыгында белок бар тамактар менен жемиштер (картошкадан башка) жеш керек. Белок бар тамактарга эт, балык, жумуртка, буурчак тамактары, жер-жемиш шорпосу, сүзмө, айран кирет. Ал эми чучук, консерваланган азыктар тескерисинче организмге зыян. Жемиштерди куурбай, кайнатып жеш керек. Таттуу тууралуу таптакыр унутуңуз.

Түшкү тамактан 2,5 сааттан кийин канты жок чай ичсе болот. Белок бар тамак менен катар чай, суу ичпеңиз. Күнүнө эң кем дегенде 1,5 литр суу ичиңиз.

Кечки тамакты 19.00ге чейин жегениңиз туура. Рационго ботко менен жемиш кирет. Кечки ашка көмүртек мол болгон тамак жеңиз. Тамактанып бүткөндөн кийин суу ичиңиз, уктар алдында айран ичип жатса болот.

Ашыкча салмактан арылгыңыз келсе, уктар алдында 0 пайыздуу сүзмөнү канты жок жеп жатыңыз. Сумкаңызда же үстөлүңүздө 1 литрлик бөтөлкөдө таза суу болсун. Организмди токсиндерден тазаласаңыз, ашыкча салмактан да оңой арыласыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу