Туура кийингенди билесизби?

Сулуу, ошол эле маалда стилдүү болуу — бардык айымдардын кыялы. Бирок кийимди бири-бирине төп келтирип кийгенди баары эле биле бербейт. Туура кийинүү үчүн биздин тест сизге жакшы жардамчы болот.

 

1. Мүнөзүңүздү баалаңыз. Өзүңүздүн оюңузча сиз…

А) Түнтмүн, жооштугумдун айынан жабыр тартып келем (15 упай)

Б) Кай жерге барбайын, тил табышып дос болуп кетем (10 упай)

В) Ар дайым өзүмө ишенген адаммын (20 упай)

Г) Алдыга койгон максатыма жете билген тың адаммын (5 упай)

 

2. Курбуларыңыз жаңы чыккан мода журналын барактап жатышат. Сиз да кызыгып колуңузга алдыңыз. Журналдан сизди кызыктырган тема кайсы?

А) Булчуңдар үчүн жасала турган бир катар көнүгүүлөр (5 упай)

Б) Женифер Лопестин өзгөчө макияжы кандай экен? (20 упай)

В) Бул жылы кандай кийим модада, дагы эле кыска юбкабы? (10 упай)

Г) Сүйүшкөндөрдүн тагдыры. Мен биринчи ушул теманы окуйм (15 упай)

 

3. Сиздин топко же жумушуңузга жаңы кыз келип кошулду. Ал кызды баары мактап идеалдуу деп жатышат. Бул учурда сиз эмнени ойлоносуз?

А) Ооба, эл айткандай эле жакшынакай сулуу жана келбети сонун экен (10 упай)

Б) Ал кыз менен жакындан сүйлөшүп стилдүү кийимдерди кайдан аларын билиш керек (5 упай)

В) Анын көздөрү муңайып, кайгы тартып турат. Сүйүүсү жоопсуз калса керек (15 упай)

Г) Түшүнбөйм, эмне, элден ушунчалык өзгөчө бекен? (20 упай)

 

4. Тыкан жана жакшы жасалган тырмактар дайыма адамды өзүнө тартат. Бирок бул бекерчилердин иши деп эсептелет. А сиз кандай ойдосуз?

А) Меники дайыма маанайыма жараша болот (10 упай)

Б) Кара жана кызыл тырмактар колго жакшы жарашат (20 упай)

В) Тырмакты таптаза жана өңсүз, жалтырак лак менен боёп жүрүү керек (15 упай)

Г) Маникюр? Маникюрга эмес, өзүмө караганга дагы убакыт жок (5 упай)

 

5. Көптөн бери сизге жагып жүргөн бала сизди туулган күнүнө чакырды. Бул кечеде өзгөчө көрүнүү үчүн кандай кийим киесиз?

А) Кечеге кие турган эң кооз көйнөгүмдү кийип барам (15 упай)

Б) Жаңы жылдагы карагайга окшоп 100 пайыз жасанган жакпайт. Жинсы шымымды эле кийип барам (5 упай)

В) Ичи көрүнгөн жупжука кофта жана кооз ич кийим кийип алмакмын (20 упай)

Г) Жакын курбума чалып аны менен кеңешмекмин (10 упай)

 

6. Эртеден кечке иштеген күн артта калды. Жекшемби күнү кантип эс аласыз?

А) Курбуларым менен жаратылышка чыкмакпыз, аба ырайы бузулбаса экен (5 упай)

Б) Жакшы көргөн романымды аягына чейин окуп чыгам (15 упай)

В) Унутулгус кече өткөрүп, таң атканча досторум менен бийлеп, сыра ичип эс алмакмын (10 упай)

Г) Менин жолугушуум бар. Ага бир жума бою “эмне кийсем” деп ойлонуп жүрөм (20 упай)

 

7. Апаңыз сизди өзүнүн тигүүчүсү менен тааныштырды. Сизге тиге турган көйнөктүн узундугу кайсы жерге чейин болушу керек?

А) Жамбашымды кичине эле жапкан кыска юбка болушу керек (20 упай)

Б) Сөзсүз узун жана капкара жибектен болушу керек (15 упай)

В) Билбейм, бирок тизеге жетпеши керек (10 упай)

Г) Көйнөк кийгенди жаман көрөм (5 упай)

 

8. Бүгүн сиздин туулган күнүңүз. Эң жакын досторуңуздан кандай белек алууну каалайсыз?

А) Алдын ала мындай белек берсе экен деп күтпөйм, сюрпризди жакшы көрөм (10 упай)

Б) Мен жакшы көргөн ырчынын ыр альбомун белекке берсе кубанмакмын (10 упай)

В) Оюнчуктарды белекке алганды жакшы көрөм жана аны чогултам (15 упай)

Г) Эң белгилүү дүйнөлүк косметикалардын бирин белекке берсе (20 упай)

 

9. Курбуңуз менен жаңы ачылган соода түйүнүн кыдырууга бардыңыз. Бирок экөөңүздөр кыдырууну эки башка жерден баштоону кааладыңыздар. Сиз биринчи иретте баргыңыз келген бөлүм?

А) Китеп саткан бөлүмдү кыдырмакмын (15 упай)

Б) Жыттуу атыр саткан бөлүмдү кыдырмакмын (20 упай)

В) Спорттук каражаттарды саткан бөлүмгө бармакмын (5 упай)

Г) Кайсы бөлүм болбосун, биз баарын кыдырып чыгабыз (10 упай)

 

10. Эрте менен чачыңыз укмуш уйпаланып калган. Сиз жумушка кечигип жатасыз. Бул учурда чачыңызды жасалгалайсызбы?

А) Жок, жасалгалабайм (5 упай)

Б) Тез аранын ичинде чачымды тартипке келтирем (19 упай)

В) Чачымды үстүртөн эле акырын тарап коём (15 упай)

Г) Ар дайым чачыма жакшы көңүл бурам. Кечиксем кечигем, бирок чачым жасалгалуу болуш керек (20 упай)

 

11. Сиздин күнүмдүк тиричиликте кийген кийимдериңизди карап көрөлү. Ал кийимдериңиз кандай өңдө?

А) Кызыл жана кара өңдөгү кийимдерди жакшы көрөм (20 упай)

Б) Нейтралдуу, сүттүн өңүнө окшогон өңдөгү кийимдерге көбүрөөк басым жасайм (5 упай)

В) Менин ар кандай өңдөгү кийимдерим көп болгондуктан так жооп бере албайм (10 упай)

Г) Мага кара өңдөгү кийимдер гана жагат (15 упай)

 

12. Күн сайын жаныңызга маанилүү деген дептерче, калем жана косметикаларыңызды алып жүрүүгө туура келет. Кандай көлөмдөгү сумкага батырып көтөрүп жүрө аласыз?

А) Баары бата турган ыңгайлуу рюкзак көтөрүп алам (5 упай)

Б) Рюкзакка окшогон аябай ыңгайлуу чоң сумкам бар (19 упай)

В) Кандай болгон күндө да мен баарын кичинекей эле сумкама батырып алам (15 упай)

Г) Сумканы кыйынчылык менен кыйылып жатып көтөрөм. Сумкасыз эле жүргөнгө аракет кылам (20 упай)

 

13. Жолдошуңуз сизге кийимдин эки түрүн сатып келди. Экөө тең сизге жаккан жок. Бирок бирөөсүн тандап алышыңыз керек.

А) Жаңы үлгүдөгү жинсыны тандамакмын (10 упай)

Б) Эч кимдикине окшошпогон өзгөчө көйнөктү тандамакмын (15 упай)

В) Ыңгайлуу спорттук кийимди тандамакмын (5 упай)

Г) Акчамдын баарын кооз ич кийимдерди алууга жумшайм (20 упай)

 

14. Сиз бут кийимдин үлгүсүн, фасонун жана сапатын карайсыз. Аягында сиздин тандооңуз кандай болот?

А) Кыска юбка менен кийгенге ыңгайлуу ичке такалуу өтүк тандамакмын (20 упай)

Б) Эң сонун заманбап стилде жасалгаланган платформа алмакмын (10 упай)

В) Учтуу кооз баркыт туфли алмакмын (15 упай)

Г) Мага жаңы кедалар да жарай бермек (5 упай)

 

15. Сиздин оюңузча заманбап кийинген кыздардын гардеробунда сөзсүз түрдө кандай кийимдер болушу керек?

А) Ар кандай үлгүдөгү жана ар кандай өңдөгү жинсылар менен бирге жемпирлер, кофталар жана аларга керектүү аксессуарлар (10 упай)

Б) Ыңгайлуу спорттук кийим болуш керек (5 упай)

В) Аппак атластан тигилген кофта жана классикалык стилде тигилген костюм (15 упай)

Г) Бийик такалуу кооз бут кийимдердин түрлөрү болушу шарт (20 упай)

 

16. Сиз “Золушка” мультфильмин көргөнсүз да. Келиңиз, аны кийинтебиз. Золушканы кандай кылып кийинтүү керек?

А) Мен “аны кийинтүү” дегенди түшүнгүм келбейт (5 упай)

Б) Ылдый жагы роза гүлдөрүнөн жасалган, ал эми үстү кооз, бирок ичи көрүнгөн жука болсун (15 упай)

В) Айнек жана желим идиштерден жасалган көйнөк эмне үчүн болбосун? (10 упай)

Г) Жаканын оюгу жарашыктуу баркыттан тигилген жана бриллиант менен кооздолгон (20 упай)

 

Жооптор

80-120 упай

Убакытты текке кетиргенди жаман көргөндүктөн тез кыймылдайсыз да, көпчүлүк учурда өзүңүзгө ыңгайлуу спорттук кийимдерди киесиз. Сиз үчүн кийимдериңиз дайыма ыңгайлуу болушу шарт. Сизди курчап турган чөйрө кылган иштериңизди жактырып баалашат. Кыздарга тиешелүү ичке жана бийик такалуу туфли, аксессуарлар сизге жакпайт жана андай кийинүү сиздин оюңузга дал келбейт. Жинсы, кроссовка жана чөнтөгү чоң, кенен курткалар сиздин стилге кирет. Бирок дайыма эле бир калыптан жазбай жүрө берсеңиз, эркектердин сизге болгон кызыгуусун жоготосуз. Андыктан сизге аралаштырып кийинип жүрүү сунушталат.

121-200 упай

Сиз өзүңүзгө-өзүңүз байкоо жүргүзгөндү жакшы көргөн жансыз. Апаңыздын модадан чыккан эски юбкасы менен атаңыздын же жолдошуңуздун эскилиги жетип калган пиджактарын оңдоп-түзөп, аны өзгөчө заманбап стилге окшоштуруп кийип алуу сизге таандык. Ар дайым шым, спорттук жана ачык өңдөгү сарафандарды кийгенди жактырасыз. Кийимге анчалык кызыкпайсыз жана моданын артынан кууп кийинбейсиз. Ал эми үстүңүзгө курбуларыңыздын же жакын адамыңыздын кеңешинен кийин, кээде маанайыңызга жараша гана кийим аласыз. Бирок макияж жана чач жасалгаңызга келгенде байкоо жасоодон коркосуз. Коркпой эле баарын жасай берсеңиз, акырында өзүңүзгө куп жарашкан стилди табасыз. Кыскасын айтсак, заман талабына ылайык кийинүүнү билесиз, бирок аны жашооңузда колдонбойсуз.

201-290 упай

Заман талабына ылайыктуу мода кууп кийинген курбуларыңыз сизди жашоодон таптакыр артта калгандай сезишет. Бул учурда сиз өз ордуңузду таппай ыңгайсыз абалда болосуз. Бирок сиз романтикага жакын, ойчул адамсыз. Кечеге барбай үйдө китеп окуп өткөргөн кечтерди убактым текке кеткен жок деп ойлойсуз. Кээде өткөн кылымдагы кыздар кийген этеги чубалган узун көйнөктөрдү кийип, ошол учурдагы жашоону башыңыздан кечиргиңиз келет. Ал замандагы кийимди азыр да кийсеңиз болот, бирок аксессуарларды жараштырып тагынып алуу сунушталат. Минтип кийинүү менен сиз башкалардан өзгөчөлөнүп элдин көңүлүн өзүңүзгө бурмаксыз.

291 упайдан жогору

Сиз бир эле учурда стилдүү, заман талабына ылайык мода менен жарашыктуу кийине аласыз. Спорттук, классика же күнүмдүк турмуштагы кийимдер болобу, аны жараштырып кийгенди жакшы билесиз. Курчап турган чөйрөңүз сизге суктанып, сиздей болуп жүрүүнү каалашат. Көпчүлүк учурда кыпкызыл лак, кыска юбка жана ачык өңдөгү кофталарды кийип жүрүүнү жактырасыз. Ар дайым мындай кийинүү менен жаныңыздагы мырзаларды өзүңүздөн алыстатып алышыңыз ыктымал. Эркектер өтө ачык, кыска жана ичи толук көрүнгөн көйнөктөрдү көп кийген кыздарды жактыра беришпейт. Алар үчүн кичине табышмактуу болуу керек. Кийинүүдө тең салмактуулукту сактай билүүнү үйрөнүңүз.

Даткайым Досматова

Булак: Lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу