Видео — Туулган күн тосуп, асманга ок чыгарган балдар кармалды

Туулган күндөрдүн биринде асманга ок чыгарып, кыйкырган жаштардын видеосу социалдык тармактарга тарап, талкуу жаратты. Видео боюнча иликтөөлөрдүн негизинде балдардын аты-жөндөрү такталып, Ош шаардык ИИБине алынып келинди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иликтөөлөрдүн кийин окуя 10-январда Ош шаарындагы ресторандардын биринде  1998-жылы туулган Г.Н. аттуу жарандын туулган күнүн белгилеп жатканда болгон. Туулган күндүн ээсинин досу С.У.  асманга бир нече жолу ок чыгаргандыгы маалым болду. Сурак берүү үчүн балдар Ош ШИИБине алынып келинди.

Алдын ала берилген маалымат боюнча октон жабыркагандар жок. Учурда окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Булак: Барометр 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу