Турциянын элчиси Метин Кылыч: “Бизди Чубак ажы Жалилов менен Ф. Гүлендин жолугушуусу тынсыздандырды”

Бизди экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусу
тынсыздандырды. Бул туурасында бүгүн 14-июлда Бишкекте болгон пресс-
конференцияда Турциянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч билдирди.
Ал дагы, Чубак ажы Жалилов 2016-жылдын 15-июлунан кийин башкача айтканда
мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин Гүлен менен жолуккан биринчи диний
үгүттөөчү экенин белгилей кетти.

Эске салсак, бир аз күн мурун Чубак ажы Жалилов өзүнүн социалдык тармактагы
баракчасына Фетхуллах Гүлен менен болгон жолугушуусунан сүрөт жүктөгөн.
АКШда жашап жаткан Фетхулах Гүлен болсо түрк өкмөтү тарабынан аскердик төңкөрүш
кылууга аркеттенген деп айыпталууда.

Булак: kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу