Турускуловдун токтотулган кылмыш иши жанданабы?

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тууралуу узун сабак кептер ММКга чыгып келет. Маселен, Жыргалбек Күрүчбековичтин бир учурда «Востокэлектрого» жетекчи болгону, ал жерден коррупциялык элементтерге жол берип, «акылдуу эсептегичтерди» сатып алууда мамлекетке чыгым келтиргени үчүн кылмыш иши козголгону, кийин табышмактуу жагдайлардан улам ал кылмыш иши токтотулганы ыраспы?

Бирок, бул боюнча өзү үн ката элек. «Демек, күнөөсү барбы?» деген суроо жаралбай койбойт. Бир учурда кылмыш иши козголсо, анан эми Жогорку Кеңеште бакандай фракцияны жетектеп отурганы кандай? Президент Сооронбай Жээнбеков «мурда козголуп, бирок токтотулган кылмыш иштер кайра жанданат» деп айткан жайы бар. Ошондой эле «коррупционерлердин атын атагыла, аларды жашырбагыла» деп да баса белгиледи. Мындан улам Турускуловдун да баскан изи иликтенеби? Бир кездеги кылмыш иши ашкереленсе, Күрүчбекович кыйналып калбайбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу