Турсунбек Бейшенбеков: «Мына бул жерде президент болом деген бир топ саясатчылар олтурасыздар, ушул сунушумду эске алып коюңуздар»

Бишкекте бүгүн, 17-апрелде «Мамлекет, саясат, жоопкерчилик» аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Зайнидин Курманов, Асия Сасыкбаева, Элмира Ибраимова, жана башка коомдук саясий ишмерлер катышып жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө «Адилет» жаштар кыймылынын төрагасы Турсунбек Бейшенбеков сөз сүйлөп, өз сунушун билдирди:

-Келечекте келе турган жаңы президент келээрин ойлобой, кетээрин ойлосо. Учурдагы бийликтин акыбалын көрүп жатабыз. Ошондуктан кийинки келе турган президент мамлекеттин-элдин акчасын уурдоону максат кылбай, тескерисинче Кыргызстанды өнүктүрүп, кыргыз элинин жашоо-шартын жакшы нукка буруп, кыргыз тарыхында өз атын өчпөс кылып, алтын тамга менен жазып кетүүгө аракет кылса оң болот. Артына өчпөс из калтырган инсандар Айтматов, Разаков, Тыныстанов, Ибраимов, Исанов, бул инсандардын эли-жери үчүн аткарган эмгектери эч качан тарых барактарынан өчпөйт, кийинки келе турган президент дагы эл үчүн, мекен үчүн ак кызмат кылып ушул залкарлардын жолун улайт деген аруу тилегим бар. Мына бул жерде президент болом деген бир топ саясатчылар олтурасыздар, эгерде кудай буйруп кимиңиздер президенттик тактыга жетсеңиздер, ушул сунушту эске алып коюңуздар, тарыхта атыңыздарды алтын тамга менен жазып, жаштарга өнүккөн өлкөнү тапшырып бериңиздер. Мындан ары уурдап-тоногонго жол берилбейт деп ишенем. — дейт жаш активист.

Булак: Аргумент.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу