Турсунбек Бейшенбеков: «МАЕВСКИЙгейттин» аферасы ачыктала баштады»

Кыскасы бийликтин ишенген кожолору Модин менен Абдрахманов кечээ сотто Текебаев узаткан тиешелүү суроолорго жооп бере албай мокошту, өздөрүн өздөрү кармап берип койду. Бул эки эргулдун жалган  көрсөтмөлөрдү берип жатканы барына эле белгилүү болуп турду. Ал эми бүгүнкү сотко дагы бир бийликтин эң сыйлуу улуу мартабалуу күбөсү (биз үчүн шылуун болуп саналса, бийлик үчүн Маевский улуу мартабалуу инсан экен) Маевскийди Текебаев жарга такады. Маевский көз көрүнө каратып туруп калп айтып жатты. Бир эле сүйлөмдү бир нече ирээт өзгөртүп сүйлөп жатып уят болду, ар-бир сүйлөгөн сөзү калп экенине ынандык.

Ал эми Текебаев ишенимдүү түрдө, тике карап Маевскийдин калптарын ашкерелеп жатты. Маевскийдин көздөрү алаңдап, бийликтин атайын уюштуруп берген сценарийине эмнеге каарман боло койдум экен деп, корккону байкалып турду. Кыргызстандын түптөлүшүнө, өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салымы бар Текебаевге кылмышкердей мамиле кылып, ал эми эл аралык шылуун Маевскийге кошомат кылып жаткандары өкүнүчтүү. Мыйзам боюнча Маевскийди бапестегендин ордуна аны кылмыш жообуна тартыш керек эле. Кечээги жана бүгүнкү соттук отурумдардын жүрүшү бул ишке Текебаевдин күнөөсү жок экенин далилдеп койду. Бул саясий оюнда бийлик эптеп башкы оппононенти Текебаевди жарыштан чыгарып, камоо аракетин көрүүдө деп баамдасак болот.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу