Турсунбек Бейшенбеков, “АДИЛЕТ” жаштар кыймылынын төрагасы: “Кийинки президент келээрин ойлобой, кетээрин ойлосо туура болот”

 

 

Турсунбек, жаш активист катары өлкөнүн азыркы абалына кандай баа бересиң?

 

-Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай, дүйнө коомчулугунда кандай гана окуялар болуп жаткан жок. Мисалы, Араб өлкөлөрүндөгү, Сирия жана Украинадагы окуяларды карап көрөлү. Ал мамлекеттерде кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат. Тынч жаткан элди бөлүп-жарып араздаштырып кырдаалды курчутуп жаткандар биринчиден сырткы күчтөр, экинчиден ар-кандай провокацияларга алданып, сырткы күчтөрдүн куралына айланган жаштар. Жаштарды ар кандай ыкма менен туура жолдон адаштырып, бийликти кулатууга курал катары пайдаланышууда. Сирияда болуп жаткан согушка биздин жаштардын дагы катышып жаткандыгы мени өкүндүрөт. Кээ бири акча үчүн барса, кээ бирлери туура эмес дин агымдарына кирип алып, алданып кетип жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да мындай терс көрүнүштөр болбойт деп ким кепилдик берет. Ошондуктан мындай терс көрүнүштөрдөн сак болуп, алдын алуубуз абзел. Өзүбүз алакандай өлкө болуп туруп, партиялардын саны 200дөн ашты, дүйнөдө рекорд койдук десем жаңылышпайт болушум керек. Дегеле, Кыргызстанга 200дөй партиянын кереги бар беле? Биздин саясатчылар карапайым калкка бөлүнбөйлү, ынтымактуу бололу деп кооз сүйлөшөт. Бирок иш жүзүндө ар кимиси өзүнчө партия түзүп элди өздөрү бөлүп жатат. Биринчи биздин саясатчылар өздөрү элге үлгү болуп, ар кимиси өз-өзүнчө партия түзбөй, бир же эки партиянын башына биригип ынтымактуу иштешсе Кыргызстан эчак эле өнүгүп кетмек. Бизде тескерисинче, эптеп эле бир партия түзүп, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бийликке келгенди көздөшөт. Өнүккөн чоң мамлекеттерде бир-эки гана партия бар. Мына быйыл күздө президенттик шайлоо, мындайча айтканда Кыргызстандын келечегин тандоо болот. Ошол тандоодо биз туура тандоо кылышыбыз керек. Шайлоодо ар-кандай мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен добуштарды сатып алуу аракеттери болоору талашсыз. Мен биздин жарандарга кайрылаар элем, арзыбаган тыйынга азгырылып добушуңарды сатпагыла деп. Анткени силердин сатылган туура эмес тандооңордун залакасы балдарыңардын, өлкөнүн келечегине чоң сокку болот. Бул шайлоодо принципиалдуу түрдө жалпы кыргыз элим биримдикте татыктуу талапкерди колдоп, туура тандоо жазасак өлкөбүз өсүп өнүгөт. Өзүбүздүн кадырыбызды кетирип, ар-намысыбызды тебелеп сатылууга жол бербейли.   Ошондуктан мен жаштарга кайрылаар элем, “келгиле өзүбүздүн келечегибиз үчүн, мекенибиз Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө ар бир кыргыз жараны өз салымыбызды кошолу, ар кандай сырткы күчтөрдүн куралына айланып калбайлы, туура багытты тандап, акчага алданбайлы»,- деп кайрылат элем.

Алдыда президенттик шайлоо деп калдың, кийинки президент кандай болгону туура?

-Келечекте келе турган жаңы президент келээрин ойлобой, кетээрин ойлосо. Учурдагы бийликтин акыбалын көрүп жатабыз. Ошондуктан кийинки келе турган президент мамлекеттин-элдин акчасын уурдоону максат кылбай, тескерисинче Кыргызстанды өнүктүрүп, кыргыз элинин жашоо-шартын жакшы нукка буруп, кыргыз тарыхында өз атын өчпөс кылып, алтын тамга менен жазып кетүүгө аракет кылса оң болот. Артына өчпөс из калтырган инсандар Айтматов, Раззаков, Тыныстанов, Ибраимов, Исанов, бул инсандардын эли-жери үчүн аткарган эмгектери эч качан тарых барактарынан өчпөйт, кийинки келе турган президент дагы эл үчүн, мекен үчүн ак кызмат кылып ушул залкарлардын жолун улайт деген аруу тилегим бар. Мына учурда президенттикке ат салышууга бир топ саясатчылар бел байлады, эгерде кудай буйруп кимиси  президенттик тактыга жетсе, ушул сунушту эске алып, тарыхта атын алтын тамга менен жазып, жаштарга өнүккөн өлкөнү тапшырып беришсе. Мындан ары уурдап-тоногонго жол берилбейт деп ишенем.

Булак: Фабула

Маектешкен Мирлан Алымбаев.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу