Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: «Текебаев боштондукка чыкса Жээнбековго тийишпейт, Атамбаев менен Арашанда эркекче маселесин чечет»

— Турсунбек байке, сиз саясаттагы абалды кандай көрсөңүз ошондой айтып саласыз. Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп дайындалышы көп сөздү жаратууда. Ал кишинин акыйкатчы болгону бийликке терс таасирин тийгизбейби?

— Токон Мамытов өзү карама-каршы фигуралардын бири. Ал кишини колдойм деп айта албайм. Мамытовду эл дагы туура көрбөй жатат. Мунун да негизи бар. Атайын кызматтарда иштеген адамдар адам укугун коргоо жагында иштегини туура эмес. Логикага туура келбей калат. Мени УКМКнын төрагасы бол деп алып барса, элдер бетиме түкүрөт да. Өзүм эле баш тартат болчумун. Токон Мамытов макул болуп баргандан кийин өзүнүн абийири. Ал киши тууралуу элдин көз карашы жакшы болбой жатканын мойнума алам. Бирок экинчи жагы бар. Жаштарды алып келебиз деп Оторбаев менен Аманбаевди дайындашкан. Экөөсү тең иш кылган жок. Бийлик алар менен эсептешкен жок. «Технопарк» олтуруп калды. Өздөрүнүн «Джип» машиналарына номерлерди тагып жүрүп, эски шалдыраган «Джип» бар болчу, анын дайыны жок. Кызматкерлердин айлыгы мен көтөргөн бойдон эле турат. Токон Мамытов адам укугун коргоп, чындык үчүн чыркырабаса дагы, материалдык шарт түзгөнгө жараса керек деп ойлойм.

— Азыркы президент сиздин институтта чогуу окуган курсташыңыз эмеспи. Сиз дагы “Соке дос” деп катуу колдоп жатасызбы?

— Мен “Соке дос” дебейм. Сооронбай Шарипович деп айтам. Атамбаев эмесмин да “Соке дос” дегидей. Мен антип айта албайм. Президентти “Соке дос” деген туура эмес. Этика дегенди билиш керек да.

— Мурунку президенттердин кемчиликтерин айтып, сындап жүрчүсүз. Курсташыңыздын кетирген катачылыктарын айтып, сындаганга духуңуз жетеби?

— Мени билесиң да, калыс жүрөм. Сооронбай Шарипович Атамбаевдей эмес. Атамбаев ойлонбой балп эттирип сүйлөп таштай турган киши. Бул киши ар бир сөзүн ойлонуп, кагаз менен сүйлөп, каталарды аз кетирет экен. Атамбаев экөөбүз шашып кетмей жагынан окшошпуз.

— Оргу-баргы адамдардын тобуна киресиздерби?

— Анчалык эмес. Атамбаевге караганда мен токтоомун. Ал кишиге окшоп “Нарындыктар малсыңар, таластыктар эл эмес” деп оргу-баргы сүйлөй бербейм. Сооронбай Шарипович андай каталарды кетирбейт. Биз Токон Мамытовду алып келип алды деп сындап жатабыз. Эмне үчүн парламентте олтурган фракцияларды сындабайбыз. КСДП жалгыз Токон Мамытовду чыгарды. Булар деле үчтү чыгарып койсо болот болчу. “Ата-Мекен” жалгыз Канат Азизти көрсөттү. Эмне үчүн бирөөнү эле чыгарды? Алтынбек Сулайманов азамат жигит экен. Үч адамды талапкер кылып чыгарып койду. “Өнүгүү”, “Кыргызстан”, “Республика-Ата Журт” бийлик көрсөткөн талапкерди колдойм деп стартта турбадыбы. Парламент көлөкөсүнөн коркуп жатпайбы. Бул дагы жакшы эмес.

— Президент ката кетирбөөгө аракет кылганы менен экономикалык маселе, кадрдык жүрүштөр саясий кризиске алып барат дегендер чыгып жатпайбы?

— Мунун баарын жумушу жок, оппозиция болом дегендер айтып жатат. Мадумаровго, Сариевге, Бабановду алып келип жумуш берсе, баары макул болушат. Суваналиевге да жумуш берсе кетет. Кайсыл туура эмес кадрды тандады? Сарыбашев Ошто жакшы иштеди. Суракматов Бишкекте жакшы иштеп баштады. Марат Жамангулов деген жигит юстицияга дайындалды. Бул эң таза кадрлардын бири. Мендеги маалыматтар боюнча депутаттар Өкмөткө чыгышып, арты шакмарларды бул кызматка коюп бер деп сунушташат экен. Өкмөт таза эместерди койбой жатат. Бир эле талашты Токон Мамытов жаратты. Аны Сооронбай Шарипович алып келген жок.

— Кимди оппозиция деп айтып жатасыз?

— Оппозициялык топ деле жок. Системдүү оппозиционер жалгыз эле Өмүрбек Текебаев болгон. Ал дагы азыр камакта. Рыскелди Момбеков кээде туура айтып коёт. Ошол “Мен чыныгы оппозиционер деп Өмүрбек Текебаевди эле эсептейм” деп айтты.

— Ошондо, Текебаев боштондукка чыкса бийликке оппозиция болобу?

— Өмүрбек Текебаев принципиалдуу адам. Ал боштондукка чыкса Жээнбековго тийишпейт, Атамбаев менен Арашанда эркекче маселесин чечет. Жээнбеков менен Текебаевдин ортосунда талаша турган эч нерсе жок да. Президент кекчил киши эмес. Өзүн жамандап жазгандарды соттон утуп, миллиондогон айыптарын кечип салбадыбы. Турсунбек Акун жөнөкөй адамды колдой бербейт. Мен бул кишини колдогондо баары Бабановду ээрчип жүрүшкөн. Алмамбет Шыкмаматов баш болуп “Ата-Мекен” ошол тарапта болушпады беле. Турсунбек Акун сатылып кетти дешкен. Азыр ошолордун баары “Оо-уу Соке” деп калышпадыбы.

— Жээнбеков мурунку бийликтин адамдары менен эле иш алып барып жатпайбы. Ошол адамдар бул бийликке атайын көлөкө түшүрүп жаткан жокпу?

— Мурункулардын көлөкөсү катуу эле тийди. Ошон үчүн Албекти, Сапарды камады. Булар туура камалды. Мурунку бийликтин ишенген кадрлары Каденовага окшогондор экен. Арак ичип алып, дары ичтим эле деп кантип уялбай актанат? Бирөөсү болсо пенсияны топтоп сыртка чыгып эс алса болот деп уят болбодубу. Кызматка тепкичти басып өтпөй, асмандан түшүп калгандар көбөйгөн. Алардын баарын кызматтан алып жатат. Депутаттар сунуштаган таза эмес адамдарды кызматка койбой койгону үчүн Абылгазиевди жамандап жатышат. Абылгазиев таза иштеп жатат. Ал өзүн пиар кылбайт экен. Бабанов менен Сариев туалетке барса да камера алып барышчу да. Рыскелди Момбековго окшоп олтуруп алып күпүлдөй берсе боло берет. Аларга сүйлөп коюш жеңил. Рыскелди дагы диплом маселеси боюнча ойлонушу керек. Бул маселе дагы жөн чыкпайт. Эмне үчүн Турсунбек Акунду, Алмазбек Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду окууну бүткөн эмес деп айта албайт? Ошол сөздү айтканды Рыскелди эмне үчүн сотко бербейт?

— Атамбаев күндөн-күнгө реабилитация болуп, күч алууда. Ал киши жакын адамдарын каматып коюп, тынч жатпайт. Досуна түйшүк жарата алабы?

— Алмазбек Атамбаев дагы Сооронбай Шариповичтин президент болушуна өзүнүн салымын кошкон. Бирок, Жээнбеков кыргыз эли колдоп президент болду. Атамбаев бул кишиден башканы тандаганда утпайт эле. Азыр Алмазбек Шаршенович каршы иштей албайт. Иштейм десе да мурункудай миңдеген адам колдобойт. Анын аброю түштү, жок болду. Сооронбай, Асилбек Шариповичтерге асылбаш керек болчу. Өзү көтөргөн таза кадрларга асылып, аброюн жок кылганын өзү дагы түшүндү. Азыр илебин тиштеп олтурат. Өзүнүн чоң катачылыгы толтура. Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовго окшогон бышпаган, акча жеген шылуундарды топтоп алды. Кулматовду көтөрүп жүргөндөн кийин бүткөнү ошол да. Диплому жокторду көтөрдү. Институтту бүтпөй, акчага сатып алгандар кантип иштейт? Алмазбек Шаршенович тополоң кылам деп дагы бир жолу туура эмес ишке барса, биротоло аты өчөт. Бул Жээнбековду алып келип өзүм башкара берем деп ойлогон. Андай болбой калды. Сооронбай Шарипович дулдул экен. Баарын жеңип жатат. Азыр Атамбаев саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын угуп жатам. Кээ бир саясатчылар “Мен Атамбаевге барбайм, өзү келсин” деп жатышат. Ушунун өзү анын деңгээли түшкөнүн билдирет.

— Турсунбек Акун башына таш тийсе дагы элдин алдына коркпой чыга берет. Атамбаев азыр элдин алдына чыга алабы?

— Мен бактылуу адам экемин. Акаев, Бакиев өз элине келе албай качып жүрөт. Атамбаевге караганда дагы бактылуу адаммын. Ал мага окшоп жалгыз эл аралап жүрө албайт. Жүрмөк турсун, элге чыга албай калды. Чыгайын десе өзү каматкандардын адамдары сабап кетет деп коркот. Кулматов, Исаков менен кошо канча жедиң?-деп сурайт. Байлыгым жок болсо дагы ага караганда жүзүм жарык. Бүгүн эл Атамбаевди эмес, Турсунбек Акунду көбүрөөк угат.

— Сиз Бакиевди деле колдоп жүрбөдүңүзбү. Атамбаевди деле жакшы иштеп жатат деп айткансыз. Атамбаев менен Бакиевдин бүгүнкү күндөгү аброюн салыштыра аласызбы?

— Бакиевди колдодум, колдондум. Ал дагы мени колдонду. Мени жакшы көргөнү үчүн колдогон жок да. Саясий салмагы экөөсүнүкү бирдей эле болуп калды. Бакиевдики киши өлтүрдү дегени эле болбосо, Атамбаевдики андан кем калбайт.

— Коррупция менен айыпталып камалгандардын иши кечеңдеп бараткандай болууда. Бул элдин үмүтүнүн үзүлүшүнө шарт түзбөйбү?

— Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов саясаттагы күчтүү фигураларга кирбейт. Саясатчы деп дагы айтпаш керек. Булар аты-жыты жоктор болчу. Сапар Исаков акылдуу жигит. Жогор жактан бирөө дем берип турбаса өзү билип ушундай ишке барбайт болчу. Бул иш ошол кишиге барып такалып калышы мүмкүн. Ошон үчүн дыкат тергөө иши жүрүп, ким күнөөлүү экенин такташ керек.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу