Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: ”Мискенбаевдин деңгээлине түшпөйлү…”

— Турсунбек мырза, быйыл Аксы окуясына 17 жыл болуптур. Бул жакта да, ал жакта да эскерүү иш-чарасы болду. Бозпиекке президенттин барары күтүлгөн беле?

— Күтүлгөн, бирок сөзсүз келерин билген эмеспиз. Ошон үчүн эл да жылуу кабыл алып, мамлекет башчынын кайдыгер болбогонуна ыраазы болушту. Президент каргашалуу окуя болгон жер Бозпиекке барып, эскерүү иш-чарасына жана спорт комплекстин ачылышына да катышты. Эл менен жолукту. Эл «мамлекет башчы бизди унутпай, келди» дешип, спорт комплекске берген жардамына чейин айтып, ыраазычылык билдиришти.

 Атамбаев да Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхында мааниси чоң экенин, аксылыктарды урматтап-сыйларын жашырган жок. Атамбаевдин мезгилинде Аксы окуясына өзгөчө маани берилди беле?

— Калыстык үчүн айтып коюшум керек. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Аксы окуясы мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча указ чыгарган. Ошондой эле Атамбаевдин учурунда Шералы Назаркуловдун музейи ачылган. Аксы окуясынын каармандарын апрелде курман болгондордун катарына киргизип, Аксы окуясын мамлекеттик деңгээлде көңүл бурдурууда эмгеги зор болгон. Мен суу кечип, от кечип жүргөн Аксы окуясынын катышуучусу катары анын эмгегин тана албайм, Атамбаевдин ал эмгегин эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Бирок, Атамбаев Аксы окуясын бетине кармап алып, «Форумдун» аддында өткөн жыйында ичиндеги нааразычылыгын, кегин, жек көрүүсүн ачыкка чыгарды. Ал Жээнбековдорду эл алдында жаманатты кылууга аракет кылды. «Үй-бүлөлүк-кландык башкаруу орноп калды» деп чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтты. Чынында азыр Кыргызстанда эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу орногон жок. Эгер чындап орной турган болсо, мен дагы азыркы президент менен кызматташуудан баш тартмакмын. Анткени, мен да үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы адаммын.

 Атамбаев азыркы бийликти сындап, балким башкаларга байкалбаган синдромду сезип, коңгуроо кагып жаткандыр?

— Мен ал каккан коңгуроодон кооптуу нерсени деле байкаган жокмун. Ал ич күптүсүн билдирип, Жээнбековдорду каралоонун аракетин көрдү. Ошондой эле эл шайлаган, эл тандаган депутаттарды шылдыңдап, чимкирикке теңеди. Деңгээлинин төмөн экенин далилдеди. Чынында Кыргызстанды алты жыл башкарган адам, президент болгон адам андай деңгээлге түшпөшү керек болчу. Эл шайлаган парламентти сыйлашы керек да, Мискенбаевдин деңгээлине түшпөй.

 Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнү үчүн элден кечирим сураганы жөндүү эле болдубу?

— Жок, жөндүү болмок тургай орунсуз болду. Атамбаев өзүнө-өзү каршы чыкты. Чынында СооронбайЖээнбековду кыздын баласындай мактап атып, президенттикке өзү көрсөтпөдү беле?  Өзүң көрсөттүңбү эми унчукпада. Пас экениңди көрсөтпө да. Ыгы келсе-келбесе деле сындап, каралай бергенден пайда чыкпайт. Сооронбай Жээнбеков Акаев, Бакиевдин бийлиги менен болгон күрөштө Атамбаевдей алдыга чыкпаса да экинчи ролдо жүрдү да. Жээнбековдор облустук деңгээлде болсо да иштерди кылды.

Албек Ибраимовду, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдорду каматып койсо эле андан өч алуу үчүн теңирден тескери сөздөрдү сүйлөй бергени болбойт да. Чынында Атамбаев актаган кишилер ага эки үй салып берген. Ошон үчүн аларды каматып койду деп ичи ачышып, Сооронбай Шариповичке атырылып жатат.

Булак: “АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу