Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Атамбаевге мен барбайм, Атамбаев мага өзү келет”

-Турсунбек агай, Алмазбек Атамбаевге  тарых музейдин ачылышында “Ак шумкар” медалы берилээри айтыла баштады. Негизи аталган төш белги берилиши керекпи же берилсин деген жарлык жокко чыкканы оңбу?

-Негизи “Ак шумкар” медалы берилиши керек деп жарлык чыккандан  кийин берилиши керек же аны жокко чыгарышы керек. Минтип ал жерден, бул жерден берилет деп убакытты созо берген болбойт. Бирок, мен коррупциялык схемалар орун алган жерден “Ак шумкар” медалын бергенин туура көргөн жокмун. Ал жерден берген моралдык жактан туура эмес болуп калат. Ошондуктан аталган медалды бере турган болсо, ал жерден эмес башка жактан бериши керек.

-Атамбаевдин мурдагы оппозиция өкүлдөрү менен жолуга башташы эмнеден кабар берет?

-Атамбаев оппозициячыл маанайдагы саясатчылар менен азыр эмес, мурдатан жолугушу керек эле. Азыр жолукканы менен андагыдай маселе чече албайт да. Оппозиционерлер менен жолугуп, кеч болсо да ошол кездеги кырдаалды билейин дегени “төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун ” деген макалга окшоп калды. Учурунда бир канча жолу тегерек үстөл уюштуруп, оппозиция менен да жолуктуруп, Текебаев менен элдештирүүгө аракет жасагам. Тилекке каршы, анда укмак турсун, көңүл да бурбай койгон. Эми башына күч келгенде өзү жолугушуу уюштуруп жатат.

Баса, Өмүрбек Суваналиев менен жолугуп калып, Атамбаев Атамбаев менен жолугуштуңбу десем, “Атамбаевге мен барбайм, Атамбаев мага өзү келет” деген жооп айтты.

-Азыр Атамбаевди сындап, анын иштеген ишине алымсынбагандар көп. Ал мамлекет үчүн пайдалуу иш кылганбы?

-Алмаз Шаршенович адам катары жакшы адам. Аны бир беткей каралоо, ал жасаган иштин баарын жокко чыгарып, жаман атты кылуу туура эмес. Анын мактоого аларлык да иштери бар. Ал жасаган иштин баары эле мамлекетке зыян алып келген жок. Мамлекет үчүн жасаган  пайдалуу да иштерди жасады. Анын баарын эстен чыгарбашыбыз керек.

-Абдил Сегизбаевдин “белизгейт” маселеси боюнча жоопко тартылсын, жасаган ишин мойну менен тартсын дегендер четтен чыгат. Сиз Сегизбаев тууралуу кандай комментарий бересиз?

-Абдил Сегизбаев Атамбаевдин убагында Алмаз Шаршеновичке таянып алып, өз билгенин жасаган. Ал тургай депутаттарды кагып-силкип, бой көтөрүп, алардын суроолоруна  каалагандай жооп берчү. Бүгүн ал кызматтан кетип, туура эмес иштери ашкереленип,  сууга салган чычкандай болуп, депутаттардын эмес журналисттердин суроосуна жөндөп жооп бере албай отурат. Бир чети боорум ооруду. Бир чети текеберликтин жыйынтыгы аянычтуу абалга алып келээрин далилдеди. Анын акыбалы кызматына  таянып, акылга сыйбаган иштерге жол бергендин да  жоопкерчилигин тартасың деген маселе жаралаарын  көрсөттү. Баарынан кызыгы,  анын коомчулукка жар салып, ызы-чуу түшүргөн белизден келди деген документи тастыкталбай жатат. Башкача айтканда, аны менен чогуу иштеген кесиптештери андай документ белизден келбегенин, катталбаганын айтып жатышат. Ошондой чоң кызматта туруп, жок нерсени бар деп коомчулукка жарыялап, “Ата Мекенчи” депутаттарды тобу менен каралоого жасаган аракети үчүн ал да жоопкерчиликке тартылып, мыйзам алдында, эл алдында жооп бериши керек.

-Баса, учурда премьер-министрдин ишин сынга алгандар чыга баштады. Анын кызматтан четтээр күнү жакындап калдыбы?

-Эмнегедир мүмкүн болушунча иштеп, мамлекетти, экономиканы көтөрүүгө аракет кылып жатканына карабай  КСДПдагы айрым депутаттары кызматтан кетирүүнүн аракетин көрүп, парламентте маселе көтөрө башташты. Рыскелди Момбеков кечээ эле  ишеним артып, аны колдогон добуш берип, бүгүн кайра премьер –министрден жүз буруп, орунсуз жорукка жол берди. Бирөө айтты деп эле, анын айтканын мисал кылып, премьерге асылгандын өзү туура эмес. Депутаттар бирөөнүн катачылыгын айтаардан мурун, өз алдынча аз болсо да ойлонуп алып, анан парламент трибунасынан сүйлөшсө жакшы болот эле.

-Президенттин бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, алардын көйгөйлүү маселелерин укканы аларга шарт түзүүгө аракет жасаганыбы же ал тармакты колго алуу үчүн жасаган аракетиби?

-Мен президент Сооронбай Шариповичтин бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, аларга маселе жараткан нерселерди талкуулап, ачык сүйлөшүүгө жол ачканы колдоого алчу иш. Анткени, буга чейин бир да президент бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, алардын ишин жолго салууга, ишин илгерилетүүгө аракет кылган эмес. Чынында бүгүн ишкерлердин тынчын алган текшерүүлөр, ал тургай иштөөсүнө тоскоолдук жараткан тармактар арбын. Менимче, президент мындан ары алардын иши илгерилешине салым кошот, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди көз жаздымда калтырбайт  деген ойдомун.

Турсунбек мырза, сиз бир эмес эки жолу Акыйкатчы болгон адамсыз. Бул тармактын жүгүн да, жоопкерчилигин да жакшы билесиз. Акыркы мезгилде аталган кызматка Токон Мамытовдун келээри айтылып жатат. Анын Акыйкатчы болушун колдойсузбу же ага  каршысызбы?

-Токон Мамытов мен үчүн карама каршы личност. Ошон үчүн анын талапкерлигин кош колдоп колдойм деп айта албайм. Жашыруун органды жетектеп жүргөн кишини  укук коргоочулук кызматты аралашын мен эмес коомчулук да каршылык менен кабыл алууда. Граждандык коомдун өкүлдөрү, жаштар эмнегедир Акыйкатчылык кызматка пенсия курагындагылар эмес,  жаштар келсин деген талап коюп жатышат. Токон Мамытовдун талапкерлигин анча колдобосом да, бул жерден жаштар менен жарандык коомдун өкүлдөрүнө каршы ой айтам. Себеби, акыйкатчылыкка жаштар  келиши керек деп жашы улгайган адамды жээрибешибиз керек. Жаш-кары деп ылгабай аталган кызматка иштей турган адамды мүмкүнчүлүгүнө, тажрыйбасына, укук коргоочулук кызматты жөндөп кете алаарына  карашыбыз керек. Башкача айтканда, айрым маселелерде мококтук кылбай турган, турмуштун түрдүү соккуларынан татыктуу чечим чыгара алган, кандай кырдаал болсо да маселе чече алган, башынан көп нерселерди өткөргөн, эл үчүн иштей турган, чындык үчүн чыркырап күйө турган адамды шайлашыбыз керек. Ошондуктан, жашка чектөө койбошубуз керек. Айтайын дегеним, жашы улгайган деп жээрий турган болсок, жаштар эле кыйратат деген ойдо иш кылсак, менден кийин Акыйкатчылык кызматка келген Бакыт Аманбаев менен Кубат Оторбаев  улгайып калган менчелик да кызмат кыла алышкан жок го. Экөө тең Акыйкатчылык институтту жок кылганга барабар иш кылып кетишти. Аларга салыштырмалуу Токон Мамытов жакшы иштеп Акыйкатчылык институтту мурдагы калыбына келтирүүгө салым кошо алат деп ойлойм. Анткени, ал маселе чече  алган. Жогору жактын тилин таба алган адам. Ошол жагын эске алганда иштин көзүн таба албай жүргөндөргө салыштырмалуу жакшы иштеп берет. Ал киши маселе кайсыл жерде экенин, кантип чечиш керектигин билет. Эгер Токон Мамытов аталган кызматка шайлана турган болсо, 10 жылдан бери көтөрүлбөгөн Акыйкатчынын айлыгын жогорулатып, эскирген машинелерди жаңыртып, оңдоо-түзөөгө муктаж  имаратты калыбына келтирет. Ошондой эле Акыйкатчынын жоголуп кеткен кадырын калыбына келтирет. Буюрса, акыйкатчы менен бийлик эсептеше турган абалга жеткирет деп ойлоп жатам. Башкача айтканда, ушул жагынан жылыш болот деп үмүт кылам.

— Эмне үчүн акыркы мезгилде кызмат жетпей калган адамдарды талапка жооп бербесе да Акыйкатчы кылган модага айланып баратат?

-Негизи кызмат жетпей калгандарды Акыйкатчы кылып койгондун өзү  кылмышка тете иш. Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилде Акыйкатчылык  кызмат кызматы жоктор убактылуу коно турган аэродром кылып алышты. Мунун аркасы менен Акыйкатчылык кызматка келчү адамдарды тандоо критерейин чаташтырышты. Негизи Акыйкатчы боло турган адам калыстыкты туу тутунган, укук коргоочулук кесипти аркалаган, юридикалык билими жетиштүү, мыйзамдарды ажырата билген кесипкөй, чечкиндүү адам болуш керек. Жардам сурап кайрылган адамдарга жардам берүүнүн жолун таба билген, ыйлаган адамдардын көз жашын аарчый алган адам болуш керек. Башкача айтканда, Акыйкатчы бир канча жылдан бери түрмөдө отургандар менен да, митингге чыккан эч кимдин ыгына көнбөгөн аялдар менен да сүйлөшө билиши керек. Кыскасы, Акыйкатчы шайтан менен да сүйлөшө алган  адам болушу керек.

Эгер кудай буюруп, Токон Мамытов Акыйкатчы болуп калса, эки же үч айдан кийин 65 жашка чыгып калганы үчүн кызматтан кетиш керек эмеспи?

-Бошотпойт. Андай маселени көтөрүп жаткандар мыйзамды түшүнбөй жатышат. Айтайын дегеним, 65 жашка чейин шайланып калгандар мөөнөтү бүткөнчө иштей берет. Ал мыйзамды түшүнбөгөндөр 3 айдан кийин ордун бошотуп, башка акыйкатчы шайланабы деген маселе көтөрүп жатышат. Бул туура эмес.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу