Турсунбек Акун: Сапар Исаковдун, Кулматовдун, Илмияновдун камалышы Атамбаевди жоопко тартууга аракет башталганынан кабар берет

Экс-акыйкатчы, тубаса укук коргоочу Турсунбек Акун менен президент Сооронбай Жээнбековдун  бир жылдыгы жана Илмияновдун камалышы боюнча сүйлөштүк.

— Турсунбек мырза,  Сооронбай Жээнбеков президенттик такка отурганына бир жылдын жүзү болуп калды. Ал мамлекет башына келгени  өзгөрүү болдубу же Атамбаевдин мезгилиндегидей эле жашоо уланып жатабы?

-Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине  бир жыл боло элек. Ага 15 октябрда  эмес, 24-ноябрда бир жыл болот. Ага чейин аткаруу бийлигинин курамын түзүү менен алек болгон.  Менин байкашымча Сооронбай Жээнбеков  бийликке келгенине эки ай болгондо эле  ишин жаңыча багытка бурган. Башкача айтканда, президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү таза баштоодон аракет  кылып, иш жүзүндө мурунку президент менен иштеген таасирдүү деген фигураларды кылтакка илип, коррупциялык схемаларды ишке ашырышканы үчүн жоопко тартууга аракет баштады. Мурунку президенттин эрки менен болуп, аны менен бирге иш кылат деп ойлогондорду адаштырды. Бул да чоң жетишкендик. Эми камакка алгандардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенинин аныгына чыгып, кечиктирбей ишти  сотко өткөрүшү керек. Сот эртерээк болуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынышы зарыл.

-Президент бир жыл ичинде мактоого аларлык кандай иштер менен алек болду?       

-Башка президенттерден айырмаланып, балдардын укугун коргогон укук коргоочуларды, дин боюнча адис Кадыр Маликовду жана саясатчы Равшан Жээнбековду, бизнес өкүлдөрүн, мугалимдерди кезек-кезеги менен кабыл алып, ар бири менен өз тармагында сүйлөштү. Маданият кызматкерлеринин айлыктарын жогорулатты. Кыскасы, бардык тармактын өкүлдөрү менен жолугуп, маселени чечүүгө аракет кыла баштады.

-Президент жакшы иштеп жатат дегениңиз менен анын ишине ичи жылыбагандар да четтен чыгат го. Маселен, Адахан Мадумаров кадр маселесинде өзгөрүү жок экенин, Жээнбеков Атамбаевдин эле  кадрлары  менен иштеп жатканын айтып, сындап чыкты го?

-Эми ал Мадумаровдун оюдур. Бирок, чындыгында өкмөткө жаш кадрлар тартылганын, акчасына эмес. билимине тажрыйбасына маани берилгенин кантип танабыз.  Атамбаевдин тушундагы кадрлар дээрлик келген жок. Керек болсо, Сегизбаевдин, Жолдубаеванын ордуна да белгисиз саясатта аты аталбаган адамдар келгенин кантип жокко чыгат. Сооронбай Шарипович бул аракеттери менен  пиар менен алек болбой унчукпай тоодой иштерди бүткөрүп жатканын далилдеп жатат. Ошон үчүн Мадумаровдун айтканына кошулбайм.

Бирок, кадр саясатында да катачылыктар бар. Ал катчылык Бишкек менен Ош шаарынын мэрин шайлоодо атаандашы жок шайлоого жол бергенинде болду. Ушул жери чыны менен чекилик болуп, кадр саясатындагы сынды көбөйттү. Башкача айтканда, шаар мэрлерин альтернативасы жок шайлашканы  демократиядан четтегендей  болуп калды.

Мурда чындап эле башка системада иштеген өзү башкарып жаткан тармакка таптакыр тиешеси жок адамдар жогорку кызматка  келчү. Азыр андай эмес.

Атамбаевдин мезгилиндегидей жан сакчы, шопурлар кызматка келген жок. Башкача айтканда, ким кайсыл кызматка дайындалса да адистигине басым коюлуп жатат.

-Илмияновдун камалышы Атамбаевди камоого бир кадам калды дегенди түшүндүрөбү?

-Ошого чукулдап баратат. Сапар Исаковдун, Кулматовдун, Илмияновдун камалышынын баары Атамбаевди жоопко тартууга аракет башталганынан кабар берет. Атамбаевдин күнөөлөрү аныкталса, аны  камоого тоскоолдук жок экенин Текебаев да берген маегинде баса белгилептир. Эгер чындап эле аны камоо зарылчылыгы жаралса, бул маселени  Жогорку Кеңеш да  карашы керек. Атамбаевдин күнөөсү аныкталса, аны жоопко тартууга азыркы бийликтин саясый эрки да, башкасы да  жетет. Эгер азыркы бийликтин ага айбат көрсөтүүгө эрки-күчү жетпесе, Атамбаев ишенген кадрларын камамак эмес. Кандай болсо да, бул маселенин укуктук жагын да, юридикалык жагын да карап, бул ишти кылдат жасашы керек. Анткени, азыркы президент да убакыт өткөндөн кийин экс-президент болуп калат.

Бабанов менен азыркы бийлик тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алганы үчүн анын жазасы жеңилдетилип, мамлекетке келтирүүнүн жолу изделип, кылмыш иштери кыскарып жаткан жокпу?

-Бабановго чынында жеке таарынычым жок. Бирок, ал шайлоо мезгилинде кетирген катачылыктары үчүн кылмыш иши козголгон. Бир эмес, үч жолу сөгүш алган.  Айрым иштери кыскарганы менен ага ачылган кылмыш иштер биротоло  жабыла элек. Ага карабай айрым  депутаттар аны алып келүү маселесин көтөрө башташты. Ал жоопкерчиликтен качып эмес, ден соолугунун айынан чет мамлекетке чыгууга аргасыз болгон деп элди ишендирүүгө аракет кыла башташты. Менин Бабановго жеке  кастыгым жок.

Бирок, кимде ким   туура эмес иш кылса, кылмыш иши козголсо татыктуу жазасын алыш керек экенин эстен чыгарбасак болот эле. Кыргызстанда оор кылмыш кылган адамдардын баары жазасыз калган үчүн ушундай башаламандыктар орун алып, ар ким билгенин кылып жатат. Ошон үчүн жогору жактагылар бул маселеде катуу туруп, Бабановдун ишин сотко ашырышы керек. болбосо, анын менен тымызын сүйлөшүп алып, маселени өз ара чечип алыптыр деген сөздөр азыркы бийликке көлөкө түшүрөт.

Ошондой эле тез аранын ичинде башкы прокуратура баштагы чечимин жокко чыгарып, саясый куугунтуктун негизинде камакка алынгандардын ишин кайра башынан карашы керек. алардын ишин карабаса,  жаңы бийликке сөз тийип калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу