Турсунбек Акун: алакабыз бузулган Өзбекстан менен мамилени түздөй алдык

2017-жылдын эң орчундуу окуясы болуп, президенттик шайлоо орун алды. Бийлик бир колдон бир колго эч кандай коогалаңсыз өттү. Шайлоо учурунда анча-мынча кемчиликтер болгону менен татыктуу адам шайланды. Бул Борбордук Азияда гана эмес, дүйнөлүк мааниде таза, демократиялуу шайлоолордун бири деп айтууга болот. Андан тышкары 2017-жылы биз дагы бир жакшы саамалыкты, 2-көчмөндөр оюнун өткөрүп алдык.

Бул дагы Кыргызстандын атын ООНго чейин таанытты, биздин өлкө үчүн өтө чоң жетишкендиктердин бири. Дагы бир жетишкендик, канча жылдан бери коңшу жашап, алакабыз бузулган Өзбекстан менен мамилени түздөй алдык. Көк бөрү оюну, кыргыздардын эр оюну катары эл аралык ЮНЕСКО уюмуна катталды. Бул дагы чоң жетишкендиктердин бири. Революция, төңкөрүш, басып алуу деген катталган жок. Кыскасы жаңы жылга тынч кирип баратабыз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу