Турсунбеков президенттик креслону кыялданса, Ибраимов премьер болуунун амалына өттү

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып, экинчи ирет шайлоого баруу менен ордунда калууга кам урса, бүгүнкүдөй анын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу болбойт эле. Бирок, анда көпчүлүк катмардын нааразычылыгын жаратмак. Башта маани бербей жүргөнбүз.

Көрсө, Чыныбай Турсунбековдун дымагы күчтүү тура. Ал президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгуу үчүн позициясына катуу туруп, анын «мураскерине» каршы чыкканы түмөн түйшүктүү ойлрду жаратты. Кол бөлүнүп, карта бузулууда. Жадагалса Атамбаевдин жактырбай атканына да моюн толгоп хан таймашта тактыны алууга чындап киришкен кербези экен.

Мурда Чыныбай мырзаны кайратсыз, бошоң катары ойлосок, эми ал пикирибизден кайттык.Чындыгында духу бар экен. Бийлик машинесине каршы туруу үчүн билегин түрүп, учурда Кыргызстандын баардык региондорундагы колдоочулары менен иштей баштаптыр. Бирок, саясатчылар жана окурмандар бир ооздон: «Турсунбеков аягына чейин ат салышпайт, Атамбаев тыйып койсо, оюндан чыгып кетет» -деп билермандаштырууда.

Ал эми спикердин ишенимдүү адамдары шайлоонун аягына чейин катыша турганын, о.э. жеңишке жетишээрин айтышууда. Кызык болчудай. Анүстүнө Өмүрбек Бабановдон кийин эле капчыктуу саясатчы катары Турсунбековдун бааланганыны бекеринен эмес го? Азыр шайлоочулар калтаңдын калыңдыгын карап калган заман болбодубу…

Мындай шартта мэр Албек Ибраимов Кытайдан келген гранттардын эсебинен Бишкектеги жолдорду салып, оңдоо-түздөө иштерин кылымыш этип, эл көзүнө пиар жасоонун кыныгын алып алды. Курган амбициясына айла жок белем? Ушу кезде Ибраимов президенттин ишенимине ого бетер кирип, күздөгү күрдөөлдө премьер-министр болуу үчүн амалданып, саясий жүрүштөрдү жасаганды да үйрөнүп алыптыр.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Албек мырзанын өкмөт башына келе турганы азыртан эле чечилип калганы эмнени билдирет? Кокус күзгө чейин эле бир балээнин үстүнөн чыгып калбаса  эле…

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу