Турсунбай Бакир уулу экс-депутат: “Кайненем кызына жана өзүнө күйөө издесе жакшы болмок”

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун мурдагы аялы Нуриза Бурханова 2 баласын өз
баласындай кабыл ала турган мырза колун сураса турмушка чыга турганын гезиттердин
бирине берген маегинде баса белгилеп, учурда түшүнүктүү мырзаны издеп жүргөнүн кеп
салган. Экс-жубайынын айткандары боюнча Турсунбай мырзанын дагы пикирин
угуу үчүн учкай кепке тарттык.
Туке, мурунку жубайыңыз Нуриза Бурханованын балдарыңызга ата издештирип
жатканы боюнча маалымат интернетке тарады. Экс жубайыңыздын бул кадамына
кандай көз караштасыз?
—Нуризага ажырашалы деген демилгени мен көтөргөн жокмун. Анын апасы демилгечи
болгон. Үй-бүлөмдү сактап калууга чоң аракеттерди жасадым. Ага Аллахым күбө. Азыр
деле балдарымды көргөнгө жолтоо болуп жаткан ошол эле кайненем. Декабрда
Түркиядан балдарыма алып келген кышкы кийимдерди жана бут кийимдерди бере албай
койдум – «балдарды көрсөтпөйбүз!» деп эле туруп алышты. Азыр деле атасы тирүү турса
балдарыма ата издөө – бул акмакчылык. Андан көрө кайненем кызына жана өзүнө күйөө
издесе туура болмок.
—Мыйзам чегинде соттун чечими менен балдарынызды көрүүгө укугуңуз бар да?
—Ооба, сотко кайрылып балдарымды көрүп турганы укук алсам болот. Бирок ал акыркы
чара. Кайненем ыйманга келбесе да балдарымдын энеси Нуриза ыйманына келер деген
үмүтүм али өчө элек. Кызым да, уулум да чоноюп жатышат, башка балдар менен
достошуп ойноп жатышат, алардын ата-энелерин көрүп, баары бир «менин атам кайда?»
деп сурай турган күн да келет. Балага бир гана эненин эмес, атанын да мээрими керек.
Аны түшүнүшөттүр.
—Бир канча убакыт мурда Нарынга күйөө бала болгонуңузду эшиткенбиз, Учурдагы
жубайыныздан наристеңиз барбы?
—Ооба. Үй-бүлөм, өзгөчө аялдарым жөнүндө маалымат бергенди жаман көрөм…
—Эми сурообуздун өңүтүн саясатка бура турган болсок, сизди президенттике түбөлүк
талапкер инсан катары сыпаттап келишет. Алдыдагы шайлоого даярдыктарыныз
кандай?
—Биринде да так саясий программасы жок. А менин программамды былтыр, 2016-
жылдын 9-октябрь күнү ЭрК партиясынын 25 жылдыгына арналган салтанатуу 18-
курултайы бекитип берген. Экинчиден болсо, Аллахтан гана коркуп кимиси шайлоого
чыгып жатат? Шайланып калышса Аллахтын аты менен Куранды кармап таза, чынчыл
иштеп беремин деп кайсы талапкер коркпой айталат? Үчүнчүдөн болсо, мен бөлөк
талапкерлерден айырмаланып Американы же Орусияны карап, аларга көз каранды
саясатты жүргүзбөгөнүмдү эки каганатта да билишет. Бейтарап мамлекет катары
өлкөбүздү өнүктүрөт элем.

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу