Турсунбай БАКИР уулу: «Бала кезде он үч балалуу болом дечүмүн, он биринчи балам төрөлдү»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу социалдык тармактагы баракчасына «Жамандыктын артынан жакшылык келет деп туура айтылган: мына, дагы бир уулдуу болдум. Кудайга шүгүр жана чексиз мактоолор! Иерусалимди крест көтөрүүчүлөрдөн бошоткон жана тарыхта улуу ислам жетекчи,кол башчы болгон инсандын атын койдум, кошумча “дайыма жеңүүчү жоокер” деген атты коштум. Ошентип уулумдун аты: Салахиддин-Музаффар. Аллахым өмүрүн узун жана ыйманын бекем, ислам дини жана мусулмандардын укуктары үчүн дайыма күрөшө турган кылсын!» деп жазды. 

— Бешик бооңуз бек болсун, Турсунбай мырза! Балалуу болуп кандай сезимде болуп турасыз? Улам жаш өйдөлөгөндө төрөлгөн балдар ширин боло берет дешет го…
— Мен 9-10-класстан эле келечек тууралуу ойлонуп, “эгерде балалуу болсом, сөзсүз он үч балалуу болом” деп ойлогом негедир. Кудай он үч бала бербесе, кароосуз калган балдардан багып алам деген кыялым бар эле. Азыр ошол максатыма жетүүмө аз калды, жакында он биринчи балам төрөлдү.

— Бир энеден төрөлгөн балдардын башын бириктирүү деле оңой эмес. Сиз энелери башка балдарыңызды ынтымакка кантип чакырасыз?
— Кудайга шүгүр, балдарым өздөрү эле бири-бирине абдан жакын. Мына, кечээ ортончу уулум оор автокырсыкка учурап, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай жатты. Энелери башка, Орусиядагы чоң уулум: «Ата, ыйлап намаз окуп, иниме ден соолук тилеп атам», — дейт. АКШдагы кызым: «Келем», — дегенинен, «Америкага кайра кире албай каласың, Кудай дубаңды кайсы жерде болбосун угат», — деп келтирбедим. Белоруссияда жашап жаткан кызым да ыйлап интернеттен жазып атты. Улуу кызым болсо чыдабай: «Инимдин дарылануусуна жардам», — деп Оштон акча да салып жибериптир. Балдарымдын бири-бирине күйүмдүүлүгү мени абдан кубандырат. Бул үчүн биринчи кезекте мен алардын энелерине ыраазы болот элем. Бир туугандарды жакын кылган да, кас кылган да аял киши эмеспи.

— Балдарыңыздын баарын материалдык жактан камсыздайсызбы?
— Мен өз эмгегим, маңдай терим менен ушул деңгээлге жеттим, Кудайдан башка эч ким жардам берген эмес. Балдарым да мендей болуп аракет кылышсын, аларды даяр нерсеге көндүрбөйм. Аскерден жаңы келген күндөрүмдүн биринде атам тапчанда олтуруптур, жанына олтуруп калсам:«Уулум, агаң менен иниңе үй куруп, машине алып бердим. Сага да бир үй, бир машине кылып берейин», — деди. Анда мен: «Жок, ата, мен орус тили жана адабияттан мугалим болом, ошондуктан шаарда жашайм. Шаарда жашагандар автобус, троллейбус менен жүрүп, кабат үйдө жашайт», -десем, каткырып күлгөн. Мен ушунун баарын балдарыма, энелерине айтып берем. Адам деген пландаштырып жашаганды билсе эле баарына жетишет. Мага ашыкча байлыктын кереги жок, бар ырыскы менен балдарымды багып келе жатам.

— Нуриза Бурхановадагы эки балаңыз менен көрүшүп турасызбы?
— Мурда көрүшүп, жардам берип турчумун. Мурдагы жылдан бери балдарды мага көрсөтпөй атат. Жаңы жылдан алдын кошуна кызынан суранып, кызым менен уулума бир баштыктан кышкы кийим кылып берип жибергем. Тилекке каршы, Нуризанын апасы: “Уят болот”, — деп албай коюптур. Балдарымдын кийимин алгандан уялса, мен алып берген батирден дагы уят деп уулу жана жарандык күйөөсү менен чыгып кетпейби. Нуриза менен сүйлөшөйүн десем, ал Түркияда. “Эгерде балдарымды көрсөтпөсөңөр, сотко кайрылганга аргасыз болом», — деп эскерткем. Азыр адвокат менен сүйлөшүп атам. Алар көрсөтпөсө да мен балдарыма банктан эсеп ачып, ошол жакка акча салып турам.

— Балдарыңыз сизге жакын беле?
— Албетте, эки балам тең төрөлгөндө жанында болгом, алар төрөлөрү менен менин көкүрөгүмө жаткырышкан. Ясина кызымды өзүм карап, тамакты өзүм берчүмүн, жаныма алып өзүм уктатчумун . Уулум төрөлгөндө кыркы чыкпай атып кайненем кызын ажыраштырып салды.

— Интернетке жаш аялыңыздын сүрөтү чыгып жүрбөйбү, жаңы төрөлгөн ымыркайыңыздын апасы ошол аялыңызбы?
— Интернетке сүрөт биринчи чыккан убакта биз үйлөнгөн эмес элек. Бирок ошончо сыноого чыдаганы үчүн урматтап калдым. Мамилебизди бекемдеп, аялымдын биринчи айттыгы өткөндөн кийин баш коштук. Жылына февраль айында хиджаб эл аралык күнү өтөт, 50-60 мусулман кыз-келинге хиджаб жана “Куран” китебин белек катары тартуулайм. Ал кыз да ошол хиджаб менен “Куран” алган кыздардын бири болчу. Ага да Нуризага айткандай эле: «Өзүң менен тең курактуу адам таап, бактылуу бол. Мен бирөөнөн күйгөм», — деп айткам, ал: «Жок, сизге турмушка чыгам», — деп бардык кыйынчылыктарга-тоскоолдуктарга карабай бекем турду. Кудайга шүгүр, эки балалуу болдук. Кызыбыз бир жаш үч ай болду. Ким эмне десе да, бул адамдын жеке жашоосу, Аллахтын астында ар бир адам өзү жооп берет.

— Жашыңыздардын айырмасы канча?
— Экөөбүздүн жаш айырмабыз 37 жаш. «Жаш аялга үйлөндү», — дегендерге: «Эмнеге башка аялдарымды айтпайсыңар? Буга чейин эки аялым жесир эле. Бирөөсүнүн кызын өз кызымдай чоңойттум, мектепте, жогорку окуу жайда окутуп, жумушка киргиздим. Эмнеге аны айтпайсыңар? Мен Аллахтын Курандын «Ан-Ниса» сүрөсүндө айтканынан чыкпадым! «Мусулмандар үй-бүлө куруп жатканда сулуугуна, байлыгына, жашына эмес, а ыймандуулугуна жана тегине карап үйлөнгүлө» , — деп Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ.) да айткан», — дейм. Акыркы жолу болсун деп, өзүмдөн жаш, ыймандуу кызга үйлөндүм. Аты Каным, апамдын аты да Каным эле. Ошондой эле экөөбүз жылдашпыз, ит жылында төрөлүптүрбүз, быйыл мүчөл жылыбыз.

— Канымдын сизге турмушка чыкканына ата-энесинин көз карашы кандай болду?
— Ата-энесиз нике кыйылбайт эле. Анткени ата-эненин макулдугусуз нике өтпөйт. Бир топ аракет жасап алдынан өтүп, мен алардын макулдугун алгам, баталарын беришкен. Бүгүнкү күндө мамилебиз эң сонун. Атасы менден улуураак, кайнага жана кайнежелерим менден кичүү.

— Сиз үйлөнгөндө шариятка, көп балалуу болууга эле карайсызбы же эркектик сезимдер да себепчи болобу?
— Эгерде эркектик сезимдер үстөмдүк кылган болсо, мен, албетте, эң сулуу, модель кыздарга же эң байдын кызына үйлөнмөкмүн. Жок, мен андайга барбайм. Мен Пайгамбар САВ айткандай, ыйманына карап үйлөнөм. Интернеттен аялымды «эркекке окшош экен» деп тийишип атышат. Мен ага:«Көрө албастарга көңүл бурбаңыз, мен үчүн эң сулуусуз, анткени ички дүйнөңүз сулуу, сизди жакшы көрөм», — деп айтам.

— Сиз учурда 60 жашта болгонуңуз менен курагыңыздан жаш көрүнөсүз. “Эркек жаш аял алса жашарат” дешет го, ошондонбу?
— Жок, мен жаш аял алганга чейин эле жаш көрүнчүмүн (күлүп). Биринчиден, Жараткандан, экинчиден, кандан болсо керек. Менин таятамдын аялы өзүнөн 30 жашка кичүү эле, бирок экөө тең көрүнчү. Жаш көрүнүшүмдүн дагы бир себеби – намаз. Адам канчалык көп даарат алып, бети-колун жууп турса, ошончолук жаш көрүнөт. Кытайдын жакшы макалы бар: «Маселе чечилбесе, катуу ойлонбо. Маселе чечиле турган болсо, анда таптакыр ойлонбо!» — деген. Мен ушул макалды ураан катары тутам, эч качан маанайымды түшүрүп кайгырбайм. Адам канчалык кайгырса, ошончолук тез карыйт. Анан да мен сергек жашоодо жашайм: тамеки чекпейм, арак ичпейм, көп кыймылдайм. Унаа айдаганды билбейм, дайыма жөө жүрөм, кеч калып жатсам таксиге отуруп алам. “Ачуум” келсе – маршрутка менен троллейбуска да чыгып алам. Үй-бүлөмдү азык-түлүк, мөмө-жемиш менен камсыз кылуу үчүн дүкөнгө болобу, базарга болобу өзүм барып, баарын көтөрүп келем. Аялдарыма, балдарыма кийимди жалаң мен сатып келем, кайсы жерде арзан, ошол эле мезгилде сапаттуу кийим жана бут кийим бар экенин издеп табамын.
— Анан сиз алып келген кийимдер үй-бүлөңүздүн табитине туура келеби?
— Албетте, менин кийим тандоо жагынан табитим жакшы. Эсимде, бир жолу депутаттар Америкага барып калдык. Дүкөнгө кирсек Ө.Текебаев кийимдерди соодалашпай, карабай эле чекеден алып атат. Мен баарын сапатына, баасына карап, алдыңкы жана кийинки баалар менен салыштырып, материалдарына чейин карап 5-6 эсе арзан, сонун кийимдерди сатып алгам. Автобуска түшкөндө мен алган кийимдерди Өмүрбек жактырып: «Мага сатчы?» — дейт. Болбосо экөөбүз тең бир эле дүкөндөн алганбыз. Мен аялдарымдын, 11 баламдын ар биринин өлчөмдөрүн бүт билем. Алган кийимдер ортончу уулума гана кээде жакпай калат, ошол үчүн көбүнчөсү өзүн дүкөнгө ээрчитип алам.
— 11 балалуу болуптурсуз, баланын, үйдүн түйшүгүн аялдарыңызга эле жүктөп коёсузбу же жардам бересизби?
— Аялга жардам берүү — сүннөт. Эсимде, жаңы үйлөнгөн кезимде кир жуугуч машина жок болчу. Аялым оор төрөп, операция болуп, ооруканада жаткан. Динди түшүнө элек кезим болсо да, аялыма боорум ооруп кир жуушуп, тамак даярдап берип калдым. Аны апам көрүп калып: «Балам, бул эркек кишинин иши эмес, аялыңды мойнуңа олтургузуп аласың, андай кылбагын», — деген. Кийин апам китептен окуп сүннөт экенин түшүнүп калды. Бүгүнкү күндө аялым кир жуугуч машина менен кир жууйт. Бирок жаңы төрөгөн аялга оор болбосун деп кирди өзүм жайып, кайра алып коём. Азык-түлүктү өзүм алып келем, тамак даярдап чарчап калат, идишти өзүм жууп коём. Тамакты деле жасай берем. Чет өлкөгө мени менен чыккан саясатчылар да жыргашат эле, үйдүн тамагын сагынганда мен жасап берчүмүн. Үйдүн түйшүгүнүн баарын аял кишиге жүктөп койгондой, аял робот эмес да. Таштандыны да көбүнчөсү өзүм төгөм, эч жерим кемип калган жок. Жашоодо бири-бирибизди аяп жашашыбыз керек. Аялдарым баалайт. «Мындай күйөөнү табыш кыйын», — деп кайын журттун да айтып калганы мага жетип калат. Бирок жакшы сөздү көтөрө билем, анткени мактоого Алла Таала гана татыктуу экендигин жакшы билемин.
Динара ЧОКОЕВА

ЛЕДИ.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу