Турсунбай Бакир уулу алтынчы жолу үйлөндү. Жубайы 23 жашта

Мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу өзүнөн 37 жаш кичүү жубайы Каным Автандил кызы менен никесин расмийлештирип нике күбөлүгүн алды. Бул тууралуу Каным Автандил кызы өзүнүн инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой Турсунбай Бакир уулу азыркы жубайы менен 1 уул 1 кызды тарбиялап жатышат.

Каным автандил кызы постуна нике күбөлүгүнүн сүрөтүн жүктөп:

“Кыргызстандын жараны катары милдетибизди аткардык” –деп баяндама жазды.

Эске салсак, бул экс-депутаттын алтынчы никеси.

Булак: Барометр 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу