Турмушка чыгуучу келиндерге жети кеңеш…

Сиздин тоюңуз жакындап келеп жатат. А бирок сиздин дене мүчөңүз дале болсо сиз ойлогондой эмес. Бул күндү сиз жылдап күткөнсүз. Албетте бардыгы сонун болууну каалап жатасыз, ойдогудай келин болууну каалаган келиндерге кеңеш.

1) Бат арыктайм деп аракет кылбаңыз. Анткени сиз организмдеги зат алмашуу процессин бузуп алышыңыз мүмкүн.

2) Тойдун алдындагы толкундануу жана стресстен арылуу үчүн иммунитетиңизди чыңдаңыз. Мисалы, мөмө-жемиштерди, жашылча-жемиштердин жакшысын жеген туура. Ошондой эле минералдык сууларды жана витаминдерди ичиңиз.

3) Албетте сиз жооптуу нерсеге кадам таштап жатасыз. Ал үчүн көп ойлонуп жатышыңыз мүмкүн. Мындай шартта курамында омега-3витаминге бай тамактар сизге жардамга келет. Мисалы, балыктын түрлөрү жана грек жаңгагы ж.б.

4) Стресс дагы, бактылуулук дагы келип ден-соолукка байланыштуу. Тагыраагы ичегилерибизге. Ошондуктан тойдун алдын аларга көңүл буруп кою ашыкча болбос. Дегенибиз айран, йогурт сыяктуу пробиотикалык тамактарды колдонуп, күч топтоңуз. Эгерде газдалган суусундуктар боюнча маселеңиз болсо, анда алардан алыс болгонуңуз оң.

5) Айрым учурларда шишиктен улам нике шакеги колуңузга туура келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан туура тамактанып, туура эс алып жана суюктук көп ичкениңиз кажет. Мына ошондо териңиз жылмакай болуп, өз калыбына келет.

6) Стресс учурунда айрым адамдар аз тамак жеп, айрымдары болсо тетирисинче көп тамак жеп калат. Ушундан сак болуңуз. Анткени напсиңизди тыя албай калышыңыз мүмкүн. Тойдо күнү бою бутуңа турбай чуркайсыз. Ошондуктан жаныңызга кургак мөмө-жемиштерди салып алуу ашыктык кылбас.

7) Ансыз деле бардык нерсе чарчатуучу. Ошого көнүгүүлөр кайдан чыкты дебеңиз. Өзүңүзгө убакыт таап көнүгүү жасоону унутпаңыз. Көнүгүү жасоо физикалык стрессти азайтып, той күнү күчтүү жүрүшүңүздү камсыз кылат.

БУЛАК:zaman.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу