Турдакун Ниязалиевдин 6 жашоо мыйзамы: Аял жолдошуна толук баш ийиш керек

Жаш-кары дебей сүйүп уккан “Жубайыма” ырынын автору, аз убакыттын ичинде элдин жүрөгүнөн орун алган талантуу аткаруучу, арабист жана Элистан балдар үйүнүн директору  Турдакун Ниязалиевдин “6 жашоо мыйзамы” менен oilon.kg тааныштырат.

 1 . Өзүмө жол бере албайм:

Өзүм дин жолундагы адам болгондуктан шарият эмнени тыюу салса ошол нерселерге жол бербейм. Мисалы: кошоматчылык. текебердик, бирөөнүн акчасын жегендик. Ошонун ичинен күйөөсүн сыйлабаган аялдарды да жактырбайм.

2 . Ден соолук:

Ден соолука туура кам көрүүнүн бирични жолу бул уйкуну кандыруу. Ошондуктан убакытты туура пайдаланып, спортко, тмактанууга, жана уйкуга көңүл буурууга аракет кылып келем. Балээнин башаты болгон спирт ичимдигин ичпейм,чылым тартпайм.

3 . Билим тууралуу:

Канча тил билсең-ошончо дил билесиң деген кепке кошулам. Башка элдин тилин, дилин билүүгө аракет кылам. Аны менен катар бүгүн араб, түрк, орус, өзбек, казак ж.б түрк тилдеринде эркин сүйлөйм. Азыр азыр англис тилин үйрөнүп жатам.

4. ҮЙ БҮЛӨ:

Үй-бүлөдө аял заты эң чоң ролду ойнойт экен. Үйдө аял заты канчалык ийкемдүү, назик, тил алчаак болсо ал бүлө ошончолук бекем жана бактылуу деп ишенем. Менин жубайым эч качан менден ашып түшүп, өзүм билемдик кылбайт. Анткени жубайымдын жардамы, колдоосу  менен менин өзүмө болгон ишенимим жорогулап, ишимде жүрүш болот эмеспи… Ар бир баатырдын артында акылдуу аял бар, деген кепти толугу менен колдойм.

5.Тамактануу:

Ошол эле шариятта тыюу салынган тамактарды жебейм. М:чочконун эти. Бекер жерден ага тыюуу салынган эмес. Биринчиден,анын ички органдары адамдардыкына окшош болот жана ыплас келет окумуштуулар далилдеген. Анткени ал баарын жей берет. Чочконун майы адамдын денесине сиңбейт. Ошондой эле мен газдалган, консерванттар кошулган, суу жана тамак аштан баш тарткам. Андан көрө суу ичкен пайдалуу.

5 . Ийгилик:

Мен үчүн ийгиликтин формуласы бар. Ал 3 гана эрежеден турат:

  1. 1. жараткан менен болгон мамилени чыңдоо,

  2. 2. максат коюу,

  3. 3. аракет кылуу.

6. Акча:

Ашып ташып деле бай болгум келбейт. Кечээ күнү акча үстүндө жүргөн досум менен сүйлөшүп, мен дагы бир аз азгырып кеттим. Анан өзүмдү кармап, кудайга шүгүр дедим. Ушул боюнча да менин 3 формулам бар

  1. Жаратканды эстөө

  2. Ыраазы болгон жүрөк

  3. Балээлерге сабыр кылган дене.

Жашоодо дайыма сыноо коштоп жүрөт, бирок ар бир жаман нерсенин артынан жакшылык келээрин унутпаш керекпиз.

  Маегиңизге чоң рахмат! Ийгиликтер коштосун!

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу