ТУРГАНБАЕВДИН РЕФОРМАСЫНЫН ТАМТЫГЫ ЧЫКТЫБЫ?

Мелис Турганбаев Ички иштер министри болуп турганда түзүлгөн патрулдук милиция жемишин бербей, тескерисинче жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште отчет берип жатканда: «МАИден патрулдук милицияны түздүк эле, бирок ал иштебей жатат», – деп айтты. Анын айтымында, 2016-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 15 пайызга өскөн. Бул деген Мелис мырзанын реформасы тетири натыйжа берди дегенди туюндурат. Патрулдук милиция түзүлүп жатканда Турганбаев кылмыштуулук, жол кырсыктары кыскарып, баары сонун болот деп күпүлдөгөнү элдин эсинде. Тилекке каршы, андагы кыялдын бири жок. Же Мелис мырза өзү министр болуп тургандагыдай көзөмөл жок, баары башаламан болуп кеттиби?..

Булак: Фабула

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу