Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусунун жетекчиси болду

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Туйгунаалы Абдраимов Өкмөтүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 25-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Булак:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу