Туйгунаалы Абдраимов иш бөлмөсүнө ремонт кылам деп 10 миллион сомду «ашап» койгонбу?

Адам күнүгө бир жаңылык укпаса дүлөй болот дегендей, Чүй облусун учурда башкарып  жаткан Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун бул кызматка бара салып “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” таризинде иш алып барып жатканын көрбөй же укпай калууга мүмкүн болбой калды окшойт.Дегенибиз,бул чоң креслого отурбай жатып, кол астындагыларга кыргыйдай тийип, “Өз короомдон кочкор салышым керек” деп, өкүлчүлүктүн ондон ашкан кызматкерин “оптом”  иштен айдаптыр. Ошол эле учурда “жетелеп” келген жетекчилери, жетим баланын кейпин кийишип, иштин көзүн таба албай “оордун үстү, жеңилдин асты” менен  жүрүшкөндөрүн , көргөн, билгендер уу-дуу кепке айлантып жүрүшөт.

Бешинчи кылымда жашап өткөн кытай даанышманы Лао-Цзы: “ Өз бийлигинин чегин билбеген төрөдөн өткөн шордуу жок” дегендей Тукебиз деле, бийлигинин чегин билбей, аша чаап Кыргызстаныбыздын төрт бурчунан келгендердин баарын батырган, эң чоң, кирешелүү делинген Чүй облусунөз билгенимдей башкарам деген эйфориянын жетегине жетеленип алса керек. Редакциябызга келип түшүп жаткан арыз-арманга толгон кайрылуулардын негизинде Туйгунаалы Дуйшеналиевичтин өз оозунан бизди кызыктырган суроолорго жооп алыш мүмкүн болбоду. Кабылдамасындагы Нуржан аттуукызыбыз  бир күндө беш жолу чалсаң дагы, кадимки эле автоответчиктей,  “шеф өкмөттө, шеф Жогорку Кеңеште” деп сайрап  туруп алат. Акыркы убактарда Чүй облусундагы болуп жаткан “бардактарды” эске ала отуруп, келген кайрылуулардын негизинде журналисттик иликтөө жүргүзүүнү эп көрүп отурабыз.  Журналисттер менен кафе, ресторандарда жолугуп, “разборкалашып” көнүп калган Тукебиздин  жасап жаткан кылык-жоруктарын жолугуп, бетме-бет отуруп пикирлеше албагандан кийин, иликтөөбүздүн башында колго илинген  фактыларды  гезит аркылуу сурап алсакпы деп чечтик. Баягы көнгөн адатын карматып, жердештери менен болгон чогулуштагыдай, “Кана кимиңер мага каршы чыгасынар, сыртка чыгып, “илибоюңар” менен эркекче суйлөшүп алам” десе, редакциябыздын иликтөө жүргүзүп жаткан кызматкерлери колубузда бар материалдардын негизинде  маалымат айдыңында  “эркекче” сүйлөшүүгө даяр экендигин дагы эскерте кетмекчибиз.

Биз берген төмөнкү суроолорго “эркекче” мүнөзү бар Туйгунаалы Дүйшеналиевич түз жана туура жооп берет деген үмүтүбүз чоң.

  1. Кызматка келбей жатып, сопсонун ремонттолгон иш бөлмөңүздү ,” Иш бөлмө мага жакпайт”, “Стены не дышат”, “Мен өз каражатыма кайрадан ремонт жүргүзөм” деп  жамаатыңыздын алдында оозуңузду толтуруп айтып алып, ошол эле учурда ремонтко деп өкмөттөн он миллион сом бөлдүрүп алганыңызды кандай түшүндүрүп бере аласыз? Анын дагы алты миллионун “ашап” коюптур деген сөздөр дагы жок эмес. (Ремонтту ким жана кандай жасагандыгы, кымбат эмеректерди кимден, кандай жол менен алгандыгыңызды камтыган “укмуштуунун төөсү жорго” делинген фактыларды гезитибиздин кийинки санына калтырууну чечтик. ред.)
  2. “Кыргызтест” системасы боюнча 2018-жылдын 5-сентябрында мамлекеттик тилден өткөрүлгөн тесттин жыйынтыктарынын негизинде,сиз ошол апендинин кызындай мактап алып келген өкүлчүлүктөгү эң чоң делинген, аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, биз билгенден күлү бир жерге чогулбаган, айтылуу Курманбеков Темирбек Барыктабасович, укук жана коргоо бөлүмүнүн башчысы Максутбаев Акбар Дыйкановичтин кыргыз болуп турушуп кыргыз тилин билбей бири Кыргызтестке баруудан качып жүрсө, бири өтпөй калыптыр. Мындан башка дагы сиз ээрчитип келгендердин бир тобу  Кыргызтесттен нөл деген шыбагаларын алышыптыр. Ушундай кадрлар менен иштешип кыйналбайсызбы?
  3. Техникалык абалы жакшы “Мицубиси Паджеро” үлгүсүндөгү кызматтык унааңызды досуңуз Ысык-Ата районунун акими Кожомкулов Калмурза Медеркуловичке берип, өзүңүз сот аркылуу Бишкектин мурдагы мэри Н.Тулеевден  тартылып алынган, ашмалтайы чыккан “Тойота Ленд Крузер-200” унааны кызматтык кылып өзүңүздүн жеке унааңыздын 29-09 мамлекеттик номурун тагып алып, тээп жүргөнүңүздүн, ага олчойгон каражат жумшап ремонт кылдырганыңыздын себебин түшүндүрүп бере аласызбы? Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, бул унааңыздын бир эле дөңгөлөгүнүн дискиси 43 000 сом, фарасы 138 000 сомду  түзүптүр. Бул унааңыздын ремонтуна кеткен чыгымдын көлөмүн иликтөөбүздүн акырында окурмандарыбыздын ортосуна салсакпы деп турабыз.
  4. Кызматка жаңы келгенде Жайыл районунан “Агро Тек Компани” 10га( беш миң га жерди Суусамырдан ижарага алышып, аралаш кубаттуу жем азыгын чыгаруу комбинатын куруу максатында),Аламүдүн районунан “Силк Вэй” компаниясына 40га(чоң технопарк куруу максатында),Сокулук районунан тигүү цехине деп бөлүнүп берилген 2,2 га  жерлерди угуп алып, “Чүйдүн жеринин баарын сатып, таратып жиберген турбайсыңарбы” деп, Чүйго күйгөн киши болуп, акыркы күндөргө чейин карамандай каршы чыгып, анан  жогорудагы фирмалардын өкүлдөрү сиздин кабылдооңузда болуп чыккандан кийин эле, “Ай, булар туура иш кылып жатышкан турбайбы, инвесторлор экен да”, деп колуңуздан келгенче буларга бар жашыл жарыкты күйгүзүп бергениңиздин сыры эмнеде? Кашайып “жашылбайлар” аралашып кеткен жокпу, деги?
  5. Акыркы он, он беш жылда Бишкек шаарынын тегерегинде, ошондой эле Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз 30-40 миңдей үйлөр салынган  жерлерди трансформациялаганга каршы чыгып жатканыңыздын сыры эмнеде?

“Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганып” көнүп калышкан биздин чочоңдогон чоңдорубузга окшоп, “Бул атайын буйрук, мен билем мунун артында кимдер турганын”, деп көнгөн адатыбызга салып  кыйкырып чыксак, анда деле сизге редакциябыздын төрүнөн орун берип,  оюңузду, пикириңизди  угууга даяр экендигибизди айта кетмекчибиз.

Азырынча сөзүбүздү ушул жерден токтотуп, иликтөөбүздүн жыйынтыгын күтө турсак туура болчудай.

Абай Аргынов

Булак: “Параграф”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу