Туздалган бадыраңдын суусунун пайдасы…

Кышкы салаттардын катарын туздалган бадыраң салатсыз элестетүү кыйын. Ал эми анын суусунун пайдасы тууралуу уктуңуз беле? Же бадыраңды алып, суусун төгүп жибересизби?

Аны төгүп салууга болбойт. Эмнеге? Бадыраң рассолу майрамдан кийин башты гана жазбастан, анын бир нече пайдасы бар. Тажрыйбалуу кожейкелер анын суусун төгүп ташташпайт. Себеби алар аны тамак ашка жана күнүмдүк үй иштерине кереги тиерин билишет.

1. Эгер машыгуу залына бара турган болсоңуз, тер төгүп машыккандан кийин бадыраң суусунан ичип алыңыз. Анткени ал денедеги ооруксунууну басат жана анын курамындагы электролиттер организмдин суусаганын басат.

2. Рассол аялдардын этек кири келген убакта ооруну басуучу касиетке ээ. Ошондой эле, зарна болуудан, ич катканда жана кээ бир адамдардын сөзүнө ишенсек ыктытканда да жардам берет.

3. Рассолду үй жыйноодо колдонуу. Бадыраң суусу эффективдүү тазалоочу каражат боло да алат. Рассол жез табактардагы, грил торлордогу, мештин идиштерине жабышып калган тамак-аштын калдыктарын жакшы тазалайт. Сууну ал кир идиштерге куюп, бир нече мүнөт күтө туруңуз, андан соң ал эч кандай кыйынчылыксыз кетет. Ошондой эле, ал үчүн уксус, сод жана башка кол алдыңыздагы каражаттарды колдонсоңуз болот.

4. Үйдөгү сиздин сүйүктүү гүлдөрүңүз үчүн да пайдалуу. Рассоолду үй өсүмдүктөрүн суугаруучу сууга кошуп суугарса жакшы. Себеби анын курамында гүлдөргө абдан керектүү болгон калий бар. Мындан сырткары, үй өсүмдүктөрү болгон гортензия жана рододендрон кычкыл көп болсо жакшы өсөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу