ТРАНСПОРТ МИНИСТРЛИГИ ЖОКТУ БАР КЫЛГАН СЫЙКЫРЧЫБЫ?

Депутаттар тарабынан “капчык” деген каймана ат берилген Транспорт жана жол министрлигине болгон нааразычылыктар күн санап өсүүдө. Сооронбай Жээнбеков келет деп желпилдеп суунун үстүнө асфальт куюп жол жаматкан министрлик эми баштала элек иши тууралуу жар салып, элдин башын айландырып турган чагы.

Бүгүн эрте менен Төө-Ашуу ашуусунун түштүк тарабындагы 132-чакырым жол оңдолуп баштаганы тууралуу министрлик маалымат тараткан. Анда эски асфальттын үстүңкү катмары сыйрылып алынганы жазылган. Мындан сырткары Суусамыр өрөөнүндөгү жолдун 148-152-чакырымында дагы дал ушундай иштер жүрүп жатканы кабарланган эле.

Бул жолдорго калыңдыгы 7 сантиметр болгон асфальт төшөлөрү, учурда грейдер, самосвал сыяктуу бир топ техникалар тартылганы да айтылган.

Бирок иш жүзүнө келгенде бул жөн гана кыялдануубу же көз боёмочулукпу айтор аталган жерлерде эч кандай иштер аткарылбаганы белгилүү болду. Мындай абалга “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти  өз көзү менен күбө болуп келиптир.

Иштеп жаткан жумушчулар жок, тартылган техникасы жок эле министрлик жолду сыйкырлап бүтүрөбү азырынча белгисиз.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу