Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш иши козголот

14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш ишин козгоо боюнча тапшырма бергенин айтты.
“Жакында эле Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилиги жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген электрондук тараза
орнотушканын, көзөмөлсүз эч нерсе өтпөй турганын айткан. Бирок, бул андай болгон жок. Аларга кылмыш иши козголот. Мен кылмыш ишин козгоо боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тапшырма бердим. Бул нерсенин аягына чейин чыгам. Ал эми унаалардын салмагын көзөмөлдөөнү министрликтен алып, компанияларга берүү керек. Биз алардын көрсөткөн кызматы үчүн төлөп беребиз, калган акча бюджетке түшөт”, – деди Сапар Исаков.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу