Трамп Айга барууга буйрук берди

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалыктарды Айды изилдөөгө багыттаган буйрукка кол койду.

“Мен кол коюп жаткан документ америкалык космостук программаны өнүктүрүүгө, ааламды адамдардын изилдөөсүнө, ачылыш жасоосуна багыт берет. Ошондой эле 1972-жылдан берки америкалык астронавттардын Айга кайтуусуна шарт түзүп жатканы менен баалуу”,-деди өлкө башчысы.

1972-жылы 11-декабрда Айдын бетине Американын “Аполлон-17” космостук кемеси конгон.

Буга чейин Ак үй АКШнын космонавтары келечекте Айга учаарын, андан соң Марска барарын билдирген

Аргумент.kg
Жооп калтыруу