Тоок этинин пайдасы…

Туура эмес тамактануудан улам, адамдарда семирүү, гипертония жана жүрөк оорулары пайда болот. Өзгөчө балдардын жана кош бойлуу аялдардын күнүмдүк өлчөмдө жетиштүү белок жана мөмө-жемиштерди, сүт жана ак эт керектүү өлчөмдө колдонуусу кажет.

Алардын башында тоок эти турат. Анткени, тоок этинде белок көп. Башка айбанаттардын этине караганда тооктун эти майсыз жана сиңимдүү келет. Ошондуктан, гастрит, ичеги ооруларына сунушталат.

Тооктун эти: Никотин кислотасына, В2,В6 жана В6 витминдерине бай. Жүрөгү оорулулар жана диабетке чалдыккандар тооктун этин ойлонбостон колдонсо болот.

Адистер тооктун эти жеңил жана тоюмдуу келе тургандыгын эскертет. Мисалга, жүз грамм тооктун эти 124 килокалорияга барабар. Ал эми, тоок эти тышы менен кошулуп жүз грамы 170 килокалорияны түзөт.

Муну менен бирге тооктун эти балдар учүн: Темир, фосфор, цинк витаминдерине бай болгондугу менен пайдалуу.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу