Тоок кепеден жашаган, жөө -жалаң жылаңач Матраимов…

Жалпы коомчулук көргүсү эле эмес, атын уккандан жийиркенип калган Матраимовдордун жеткен калпычы, жеке кызыкчылык үчүн эт-бетинен кетишкен эргулдар экенин эчактан бери эң сонун билип калды. Бул бир туугандардын уулусу Искендер мырза, ЖКда депутат, экинчиси атактуу Раиммиллион, үчүнчүсү Кара-Суунун түшпөс акими Тилек Матраимов. Ушул аким Матраимовдун жакында мүлкү тууралуу маалымат чыкты. Ал декларацияга аянты 10 чарчы метр жашай турган үйүн жазган. Ошондой эле эч кандай машинасы жана туугандарынын атына жазылган мүлк жок экенин көрсөткөн. Ал болгону малжандыгы бар экенин жана 2017-жылы иштеген ишинен 1,5 миллион сом тапканын ачыктаган. Уялбагандан өзүң уял дегендей, бул Матримовдор алтынга, акчага көмүлүп, дем жетпей, кыйналып басылып жатса деле, “эч нерсебиз жок, жок, жок” — деп акыры жоктун түбү жок болуп кетишет окшобойбу. Негизи эле адамдын көзү байлыкка эмес, топуракка гана тоёт деген чын эмеспи…

БУЛАК: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу