Толук банкроттукка учурап, түбөлүк жалгыздыкта калган Атамбаев

Чоң саясатчынын эң чоң трагедиясы, бийликтен, таасирден ажыраганда – бир да соратниги же ишенимдүү адамысыз, элге жек көрүндүгө айланып, үйүнөн да чыга албай, ээн талаадагы дарактай жалгыз калгандыгында болуп саналат. Эсил кайран Токобуз (Токтогул Сатылганов) кайсыл бир ырында ырдагандай, кызыл шайынын өңү биротоло өчкөндөн, күлүктүн мүңкүрөп, жүдөп, акырында атканасында жалгыз калгандан аянычтуу нерсе жок. Лидер андай абалга тушукпоо үчүн өзү кристаллдай таза, ак иштеши, эл алдында жүзү жарык болушу керек. Ошол эле мезгилде айланасына эл ишенген, таза, саясый жана моралдык өзөктөрү бекем адамдарды топтоп, алар менен иштиктүү кырдаалда кызматташа билүүсү зарыл. Эгерде лидер айланасына жалаң коррупционерлерди, мансап, акча үчүн соратниктери түгүл, энелеринин тондорун да сатуудан кайра тартпас, күн каяктан чыкса, ошол жакка ийилген күн карамаларды топтоп, ошолорго ишенип жүрүп, бир күнү алардын жарымы эбак күткөн абактарына айдалып, калганы андан бокочо көргөндөн бетер качып, башка “короого” кирип кетишсе, ал үчүн өзүн гана күнөөлөөсү зарыл. Кандай адам болбосун эки-үч жолу жаңылышат, мүдүрүлбөгөн – туяк, жаңылбас – жаак болбойт, бирок тандаган кадрларынын бардыгынын ашмалтайлары чыгып, эл алдында абийири айрандай төгүлгөндүн мандеминде оңолгус бир нерсеси болот, кудай чоң күнөөлөрү барларды ошентип жазалайт окшобойбу…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы саясый жана моралдык абалы мына ушундай кейиштүү ойлорго түртөт. Ал айланасына топтоп, жогорку кызматтарга сунуштагандардын дээрлик бардыгы жогоруда айтылгандай, опурталдуу адамдардан экендигин убакыт менен турмуш ашкерелеп жатат. “Оң колум” деп сыймыктанган адамы калтардай кылтылдап, сүлүктөй сүлкүлдөп, утурумдук кызыкчылыктары үчүн Кыргызстанды деле дүңүнөн сатып жибергенден кайра тартпаган, айтылуу Остап Бендердей аферисттердин анабашчысы болуп чыкты. “Мунун көзү соо көз эмес…” деп бирөө айткандай, Сапар Исаковдун көздөрү эле тыйын чычкандын тумшугундай ойноктоп, өзүнөн-өзү эле ылмаңдап-жылмаңдап турчу. Көрсө, ошентип жалмаңдап жүрүп, шефи экөөсү Бишкек ТЭЦи үчүн алынган кредиттерди, Улуттук тарых музейине бөлүнгөндөрдү устукандап, Россиядан алынган аскердик техникаларды курал-жарактарына кошо пулдап, анан альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолунда “чоң казатты” баштаганга киришкенде, АШАсынын ыйгарымы аягына чыгып кетиптир да. Кокус, анысы дагы 3-4 жыл турганда Кыргызстандан дегеле эч нерсе калтырмак эмес экен.

Мэрликке алып келген Албек Ибраимов дегени жерлерди менчиктеп, мамлекеттин мүлктөрүн саткандан башканы билбеген суу куйду, энергетика тармагын жетектеген партиялаштары, аяш, күйөө балдары элдин, мамлекеттин кызыкчылары тууралуу ойлошпой, өз чөнтөктөрүн гана толтурууну көздөшкөн кудайдан жөө качкан жанкечтилер болуп чыгышты. Ал эми партиялык тизмесине киргизип кастарлап, айрымдарын колтугуна салып келип депутат кылгандары “аба ырайы” өзгөргөндө эле “сени желкемдин чукуру көрсүн” деп тескери басып кетишти. А түгүл “Кыргызстанда өзөгү бекем бир гана партия бар. Ал – СДПК” деп мактанып келген болсо, бүгүн ал партиясынын катарындагы жакын партиялаштары да сатып кетишти. Атамбаевди партиянын лидери катары көргүсү келбегендердин катары артып баратат. Ошентип азыр Атамбаев “Форумунда” жанында тили буурул башкы пиарчысы Фарид Ниязовдон башка эч ким калбай, күчүн ачкыл-кычкылдар менен сөгүнүп-тилденгенден чыгарып, азыркы бийликтегилерге ызырынып, жалгыз отурган убак. Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, мурду кулкуйган кайниси да Албек Ибраимовдукунан калышпаган жерлерин, ар кимдерге жаздырган мүлктөрүн тымызындан сатып, Волга дайрасынын бир жээгине паанек издегенге камданып жатыптыр. Анын артынан теги ал жактык аялы кетсе, анда АША Кыргызстанда түбөлүк жалгыздыкка буйрулат. Илгерки шахтардыкынан калышпаган хан сарайларда жашаган менен башын көтөрө элди аралап баса албай, каалаганын бийик-бийик айта албай, бир бурчта кара жашикти сырдаш, мойну узун шишелерди сырдаш кылып, колуна гитарасын алып эрмектеп бекинип жаткандан жаман тирчилик барбы?

Тилекке каршы, ушул убакка чейин колу менен кылып келгендерди мойну менен эми гана тарта баштады. Алдыда аны азыркыдан да оор сыноолор күтүп турат.

Булак: «Argument.kg»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу