Толкунбекте топук деген жок тура

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мораль дегенди такыр түшүнбөйбү деп турабыз. Депутаттардын “Мугалимдер 5 миң сом айлык менен иштеп жатса, сиз 4 млн сомду төлөбөй кечирип жатканыңызды моралдык жактан кандай ойлойсуз?” деген суроосуна, теригип койбостон “Мунун баары мыйзам ченемдүү” деп тоготуп койбодуго. Улуттук банктын төрагасы алган айлыкты мугалим, дарыгерлерибиз алып иштегенде Толкунбекке окшоп банктан алган 4 млн сомун кечирип олтурбайт болсо керек эле. Экономика алдыга кете албай тушалып, эл каржалып турган кезде Абдыгуловго окшогон азаматтар 4 млн сомду мамлекеттин эсебинен кечирип коюп жүргөнү теңчиликпи? Кара тамандар качанга чейин чайнала бериши керек? Эбин тапкандар экилеп жей бергенди токтотуш керек.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу