Толгонай Арзыкеева,ырчы: «Нурмат Садыров кинодо гана сүйүктүүм, жашоодо бир тууган байкемдей»

Жаш болсо да шоу-бизнес чөйрөсүнөн өзүнүн ордун таап, созолонто ырдаган  Толгонай Арзыкеева бул ирет биздин редакцияда конокто болду. Бир гана ырчылык жаатта эмес, актрисалык жөндөмдүда аркалап келе жаткан  жылдыздуу коногубуз, биздин суроолорго  көтөрүнкү маанайда жооп берип жатты.

-Атактуулук сиз үчүн  кандай өзгөрүүнү пайда кылды?

-Чынын айтканда эч кандай  чоң өзгөрүү деле  болгон жок. Мурунку Толгонай кандай болсо, азыркы Толгонай ошол бойдон. Болгону адамдарга болгон көз карашым өзгөрдү жана  адамдардын сага жасап  жаткан мамилесин билип калат экенсиң.  Буга чейин  эмгектенип, музыкалык билим алып окуп жүргөндө, көпчүлүк  адамдар таанычуу эмес. Аракеттин артынан баарын багынтканга болот экен. Көп учурда  жакын адамдарым, “ Толгонай аракет кыл, сенин колуңдан баары келет”,- деген ишеничтин  артынан ушундай жемиштүү ийгиликтер келип жатат.

-Күйөрмандарыңыз сизди көчөдөн таанып, сүрөткө түшкөн учурларда  болсо керек?

-Ооба,  көчөдө болобу, же тамактанчуу жайларга кирип калсам, Толгонай деп эмес, Арзыкеева деп калышат (күлүп). Кээде, «Чын эле мени адамдар таанып жатабы»,- деп ишене албай кетем.

-Өзүңүз каалаган бийиктикти багынта алдыңызбы?

-Жок,бир чоң жетишкендикке жеттим деп айта албайм. Мен жете турган, мен багынта турган нерселер баары алдыда. Буйруса мен көздөгөн ийгиликке аракетим менен гана  жетем.

-Жаш ырчы катары мамлекет үчүн кандай эмгек кылгыңыз келет?

-Албетте, мамлекетим үчүн чоң-чоң ийгиликтерди жаратсам дейм. Кыргызстандын атын чыгарып, чет мамлекеттерде өтүүчү сынактарга катышып, байгелүү орунга ээ болуп келсем, ошондо мамлекетим үчүн  эмгек кылдым деп айта алам.  Азырынча өзүмдү  жаштардын арасында жаңы чыгып келе жаткан ырчы катары билем.

-Күйөрмандарыңыз  билбеген терс сапатыңыз?

-Ар бир адам  идеалдуу эмес келет эмеспи. Ошондуктан, менде  терс сапатым жок деп айта албайм.  Биринчи эле жалкоомун (күлүп). Кээ бир учурларда жалкоолугум кармап,  үйдөн чыкпай жаткым келе  берет. Анан тарынчаакмын, бат эле таарынып калам. Калган мүнөздөрүм терс сапатка кирбейт (күлүп).

-Сиз үчүн сүйүү деген түшүнүк жашооңузда канчанчы орунда турат?

-Эң биринчи орунда деп да айта албайм. Сүйүү деген бул ишеним деп ойлойм. Мен үчүн сүйүү ата-энеме  болобу,  музыкага  болобу жылуу сезимдерди алып келет. Албетте, жашообуз сүйүү менен кызыктуу да.

-Актрисалык өнөргө кандайча аралашып калдыңыз?

-Кичинекей кезимден тарта  актерлук чеберчиликке абдан кызыкчуумун. Беш жашымда эле кемпир боло калып, ошол эле учурда кичинекей кыздын ролун аткарып дегендей. Азыр да курбуларым менен отурганда артисттик жөндөмүм күчөп, түрдүү образдарга кирип кетем (күлүп).  Негизи  эле кино тармагында жүргөнгө кызыгам.

-«Браво 2» тасмасында роль жараткан  кыйынчылык жараткан жокпу?

-Бул тасманы тартып жатканда  эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Себеби, кино тартылып жатканда эмоцияга кирип, колумдан келишинче чыныгы жашоодо болуп жаткандай аткарганга аракет кылдым. Бул   тасмада Нурмат Садыров башкы ролду аткарган. Мен болсо Нурмат байкенин сүйүктүүсү Айгүл болуп роль жараткам. “Браво 2” тасмасын  көргөн көпчүлүк эл, “Толгонай Нурматты жактырып калганго, көз карашы башкача”-деп ойлоп да калышы мүмкүн. Бирок, бул жөн гана кинодогу менин образым. Жашоодо болсо Нурмат Садыров менин бир тууган байкемдей.

-Көрө албаган, сизге бут тоскон адамдарга кандай карайсыз?

— Мындай бут тосуулар, ар бир адамга туш болот. Жашоодо түрдүү мүнөздөгү инсандар бар. Жакшысы да, жаманы да кездешет.  Негизи аракетчил адам көрө албагандарга көңүл бурбай алдыга өсө берет. Бирок,  бирөөнү сынап эмес, тескерисинче, аны баалап, ошондой болууга аракет кылса, ал инсанга да ийгилик жылмаят. Тилекке каршы, андай адамдар аз санда. Көбүнчө инстаграмм баракчамда ушундай инсандар көп кездешет. Туура эмес  сын жазышып, өздөрүнүкүн туура деп билишет. Кээ бир учурда ушундай адамдарга түшүнбөй кетем. Түшүндүрөйүн десең, сени туура эмес түшүнүп алышат. Ошондон улам мага жазылган сындарга маани бербей да калгам.

Акжуурат Эргешалыева 

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу