Токтосун мырза, токтоңуз сөзүбүз бар…

Жол кайгуул кызматынын мурдагы төрагасы Токтосун Сатаров жергиликтүү радиого маек куруп, мас айдоочуларды айдоочулук укуктан түбөлүккө ажыратуу керектигин саймедирептир.

Оп-бали, Токтосун мырза, бул сунушуңузду, элдин баары колдойт. Күн сайын канжалаган өлүктөрдөн коркуп деле бүттүк. Бирок ушул акылыңыз сиз Төрага болуп турганда кайда эле?

Эмнеге депутаттарга сунуш берип, кыйратпадыңыз экен? Кызык, биздин аткаминерлерге акыл дайыма түштөн кийин, кызматтан кеткен соң гана кирет, кысталактыкы!

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу