Токторбек Бердибаев: “Кумтөр” чыгарып жаткан цианид урандан дагы уулуу зат”

Уран менен Кумтөрдүн айырмасы жок! Мындай пикирин Токторбек Бердибаев билдирди. Уран деген маселе көтөрүлгөндө ар бир Ысык-Көлдүктөргө эле эмес, дегеле бүткүл кыргызга миңдеген жылдар бою залакасы тиээрин эл жакшы түшүндү. Мекенин өз жанындай көргөн, балдарынын, неберелеринин тагдырын ойлогон ар бир кыргыздын жүрөгү жалындады. Эл жапырт көтөрүлүп чыгып, өрт өчкөндөй жалп өчүрдү. Уран казып кетебиз дегендердин жаагы жап эле болду. Мына элдин күчү, мына элдик бийлик. Элдин каарынан коркуп кетип, кыргыз бийлиги айласы жок токтотту. Эми Кумтөр маселесине келели.
Цианид урандан кем калбаган уулуу зат. Балким ашып да түшөт. Ошол цианид толгон көл Кумтөрдүн эң башында килкилдеп жатат. Анын көлөмү 2 миллиард тоннага жетти. Көлдүн (хвостохранилищанын) тереңдиги 35-40 метр, аянты 360 гектар жерди ээлеп жатат. Ушул көлдөн мурдатадан эле аз-аздан агып чыккан суулар Нарын дайрасына кошулуп, Нарын эли цианид ичип атканы анык болгон. Муну мамлекеттик мекемелер, КТР, “Азаттыктын” журналисти Айзада Касмалиева 2013-жылы эле тастыктап беришкен. Эгер жети жыл мурда цианид Нарын шаарына жеткен болсо, Жалал-Абад облусун аралап өтүп, азыр Өзбекстанга жетип калды. Андан ары Казакстанды аралап барып, Арал көлүнө куят. Менин айтайын дегеним азыр Кумтөр иштеп атат. Жылына 40 миллион доллар бөлүп, хвостохранилищаны коруп, катастрофадан сактап турушат. Эртең Кумтөр токтоп, Канадалыктар чыгып кеткенден кийин кыргыз өкмөтү жылына 40 миллион доллар бөлө алабызбы? Албетте жок! Мына ошондо накта катастрофа башталат. Ошондо Нарын суусу менен Озбекстандын Сырдарьясы керектен чыгат. Флора фауналардын баары өлөт. Цианидден тазаланып, суу кайра калыбына келиш үчүн адистердин айтымы боюнча 200 жыл керек экен. Мына ошондуктан уран менен Кумтөрдүн айырмасы жок.

Биз, Ысык-Көлдүн жаштары 2013-жылы Кумтөр өзүбүзгө иштесин деп чыкканыбызда бизди ошол мезгилдеги Атамбаевдик бийлик адаштырып, баарыбызды бириндетип, бир бөлүгүбүздү Садыр Жапаровко каршы тукуруп баарыбызды чачыраткан. Биз мунун баарын кийин түшүнүп калдык. Анда кеч болуп калган эле.

Ошентип, кыргыз эли Кумтөрдөн куру жалак калганбыз. Азыр эми уранды убактылуу токтоттук, МАГАТЭден эл аралык комиссия чакыртабыз. Эгер зыяны жок деген чечим чыгарса иштетебиз деп жыландын башын кылтыйтып жатышат. Албетте алар зыяны жок деген чечим чыгарып беришет. Анткени, булардын артында чоң күчтөр, дүйнөлүк мафия турат. Биздин бийлик аларга туруштук бере албайт.
Ошондуктан, кыргыз элим терең ойлонуп, кеңешип иш кылалы. Кечээкидей митингке чыгып алып, бири-бирибизден микрофон талашып, тытышып турсак накта Кумтөрдөй болуп алданып калабыз. Келечегибиз туман болуп калат, дейт Токторбек Бердибаев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу