Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан капчыгайындагы суусуна түшүп кеткен.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Чычкан суусуна агып кеткен алты адам аман калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 13-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 270 — чакырымында Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Чычкан суусуна түшүп кеткен.
«Унаанын ичинде алты жүргүнчү болгон, бактыга жараша эч кимиси зыян тарткан эмес. Суудан алар өздөрү чыгышкан», — деп жазылат маалыматта.
Унааны суудан чыгарганга куткаруучулар жардам беришкен.
Булак: Спутник