Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков үйүнө келип, уктаган боюнча каза болуп калганы айтылды. Окуя кандай болгону азырынча белгисиз

Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков менен кошо ууланды делген дагы бала ооруканада дарыланууда. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

«Тоого чыгып кандайдыр бир белгисиз себептерден ууланган балдардын бири райондук бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Ал 30-июнь күнү саат 16:00дөр чамасында ооруканага алынып келинген. Учурда канынан анализдер алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча эмнеден ууланды, окуя кандай болгону азырынча белгисиз. Ал эми Канат Наматбеков үйүнө келгенден кийин уктаган боюнча каза болуп калыптыр», — деп билдирди Дүйшөналиева.

Ал эми райондук оорукананын башкы дарыгери бейтапканага түшкөн адам ууланганын бирок эмнеден ууланганын текшерүү жүрүп жатканын айтты.

Эске салсак, буга чейин Токтобек Асаналиевдин уулу Канат Наматбеков каза болгону айтылган.

Булак: Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу