Токон Эшбаевдин кызы Акзыйнат: «Атам экөөбүздүн акыркы коштошуубузга табият да ыйлаган экен…»

КРнын Эл артисти, легендарлуу обончу Токон Эшбаев менен ырчы Лира Райымбекованын кызы @akzyinat_eshbaeva_   жакында сахнада пайда болду. Эки таланттан жаралган кызга биз да кызыгып, маектешкенге аракет кылдык. Ачык мүнөз, жаркылдаган жүзү менен ар бир адамды өзүнө тартып турган боёо кыз ата- энесинин жолун жолдойм деген жакшы тилектери менен бөлүштү.

— Акзыйнат, жакында атаңдын ырын жаңылап ырдап чыгыптырсың, ата-энеңдин жолун жолдоюн дедиңби?

— Чынын айтсам, азыр менин ырдап чыгайын деген оюм жок эле. Апам жеке концертин берип калып, ал концертте мени ырдоого көндүрдү. Анан ыр тандоого келгенде, албетте, атамдын ырларына кайрылдым. Атамдын укмуш сонун ырлары турса башка ыр ырдамак белем? Ырларынын ичинен «Акманым» мага өзгөчө жакчу, өзү да мага ылайык ыр экен. Андыктан ушул ырды жаздырып апамдын концертинде ырдап чыктым, эл абдан жакшы кабыл алды. Менин концертте бир жолу ырдап коём, бүттү деген оюм бар эле. Бирок элдин жакшы кабыл алып кол чабуусу, жылуу сөздөрү мени кайра сахнага тартып, дагы ырдагым келип калды. Бул чечимимди апам да колдоп, жардам берем деп атат.

— Билишимче музыкалык жактан билип алып жүрөсүң э?

— Ооба, мен бала кезимден музыкага жакын болгонго ата-энем мени Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин скрипка бөлүмүнө беришкен. Ал жакты бүтүрүп, Улуттук консерваториянын да скрипка бөлүмүнө тапшыргам, азыр ошол жакта окуйм. Ортодо вокалдан да сабак алдым. Скрипканы бала кезимден бери ойноп жүргөнүм менен ырдоого көбүрөөк кызыгам, ырдаганды жактырам. Бирок апама окшоп мен дагы жан талашпайм. Апам көп нерсеге кенебейт, концертин да Дилбар эжем түрткүлөп жүрүп бердирди.

— Атаңа окшош да жактарың барбы?

— Атам өтө токтоо, бир мүнөз, эч кимге катуу сөз айтпаган, өзү менен өзү болуп жүрө берген жоош момун адам болчу. Мен атамдай эмесмин. Апамдай ачык- айрым, эркектей болуп тарс-тарс жүргөн кызмын (күлүп).

— Атаң сен канча жашыңда каза болду, жакшы эле билип калдыңбы?

— Албетте, жакшы билем. 2014-жылы 64 жаш курагында, мен 17 жашка чыкканда каза болду. Атам бизден кеткенден кийин деле мен каникул сайын Ошко барып турчумун. Ал да Бишкекке келген сайын мага келер эле. Апама караганда мен атама жакын болчумун.Апам экөөбүздүн кыялыбыз окшош болгонгобу, бат эле чарт-чурт болуп кетебиз. Атам экөөбүз жакшы тил табышчубуз. Эми муну апам окуса таарынат го (күлүп).

Атаң биринчи үй-бүлөсүнө кайра кеткенде сен канча жашта элең?

— Беш жашта болчумун. Кичинекей кыз болсом да атамдын биз менен чогуу жашабай калышы мен үчүн абдан оор болгон. Апамда жүрсөм атамды сагынып кыйналам, атама барсам апамды сагынам… Атам менен көпкө чейин көрүшпөй калсам куса болуп, көйнөгүн жыттап жүргөн күндөрүм көз алдымда. Үчөөбүз коноктон конокко барып сыйдын үстүндө жүргөн учурларыбызды, ата-энеме эркелеп жүргөн күндөрүмдү көпкө чейин унута албай кыйналып жүрдүм.

— Атаңдын көзү өтүп кетсе да азыр бир туугандарың менен катышасыңбы?

— Мени атам үй-бүлөсүнө 3 жашымдан баштап алып барып аралаштырды. Инабат апам абдан акылдуу аял экен, башынан эле мени өз кызындай көрүп жакшы кабыл алды. Эгерде башка аял болгондо батырбайт эле да. Инабат апам болсо өз кызындай кам көрүп скрипкадан бери сатып берди. Каникул бүтүп Бишкекке жөнөтөрдө жаңы кийимдерди өзү сатып берчү. Үйүндө азыр деле өз үйүмдөй эркин жүрөм. Тилекке каршы атам жок Ошко көп барбай калдым. Инабат апам менен телефондон сүйлөшүп турам. Акмаанай эжем менен бул жактан катташып, сырдашып турабыз. Атам айкөл адам эле, балдарынын баары өзүндөй жакшы. Мени менен үч уул, үч кызбыз. Мен эң улуу агам Талантка өзгөчө жакынмын. Агам учурда 47 жашка таяп калды. Келбети, баскан-турганы аябай атама окшош, атамдын жылуулугу мага ошол агамдан келип турат.

— Атаң менен акыркы жолу жолугушканың эсиңден чыккыс болуп сакталып калгандыр?

— Ооба, эсимде. Ооруп жүргөн, бирок каза болору эч кимибиздин оюбузда жок эле. Май айы болчу. Атам жумуштары менен Бишкекке келиптир. Мен сабактан чыгып, экөөбүз жолуктук. Гүлсүн Мамашова концерт берип жатканын айтып мени ээрчитип алды. Экөөбүз филармонияга чейин сүйлөшүп жөө бардык. Ошондо мага көп нерселерди: менин бала кезимде кандай кыз болгонумду, кичинемден бир ыр уксам дароо жаттап кала турган өзгөчөлүгүм барын, таланттуу экенимди айтты. Концерт бүткөндө мени үйгө жеткирип келди. Үйдө олтуруп, бир топтон кийин эшикке чыксак жамгыр жаап атыптыр. Азыр ошол жамгырды эстеп, биздин акыркы жолугушуубузга табият да ыйлаган экен деп калам. Ошону менен жай айы болуп, экзамен жана башка иштерим менен жүрүп эми барам деп аткан элем. Тилекке каршы мен бара электе эле август айында атам өтүп кетти. Азыркыга чейин ошондо бара албай калганыма өкүнөм.

— Апаңдын жалгыз кызысың, буюрса сен деле турмуш куруп кетесиң дегендей, апаңа «турмушка чыгып, үй-бүлө куруңуз» деп айтасыңбы?

— Турмушка чыксам апам жалгыз калабы деп мен дагы корко берем. Апам үйдө аялдын, эшикте эркектин жумушун кылып ошого көнүп калган. Өзү да эркиндикти сүйгөн, бирөөгө көз каранды болуп жашаганды жактырбаган аял, андыктан «күйөөгө тийип эмне кылам, мага сен эле жетесиң» деп калат. Мен турмушка чыгып кетеримди айтсам, анда «балдарыңдын бирин берип коёсуң» деп коёт, болду. Күйөө тууралуу ойлонобу, жокпу билбейм. Апам үйдө көп сүйлөбөйт, тынч жатып телевизор көргөндү жактырат. Мен да телефон тиктеп олтура берем. Ичиме бугум толгондо апама айтып ыйлап алам. Апам болсо көйгөйүн, маанайы жогун, кыйналганын мага көп билдирбейт. Курбулары менен сүйлөшүп айтып калганда гана угуп калам.

— Сени ырчылык менен эле багабы?

— Апамдын бизнеске такыр шыгы жок. Базарга барса сатуучулар алдап койсо деле ишенип ала берет. Филармонияда иштейт, жакшылыктарга барып акча табат. Куудулданып сүйлөп, комуз менен ырдап олтурушту шаңга бөлөйт, андыктан көп чакырышат. Апам берекелүү аял, Кудайга шүгүр, жашообузда баары жетиштүү. Мени эч нерседен кем кылбай багып келе жатат. Болгону атамдын жоктугу эле чоң өкүнүч. Мен апам менен кыз узатуу тойлоруна көп барам. Тойдо кыздарды аталары алып чыгып, чогуу бийлешкендерин көрүп «мени деле атам ушинтип турмушка өз колу менен узатса болмок» деп ыйлай берем. Бул өкүнүч жүрөгүмдү өйүп келет. Буюрса Талант агам атамдын ордун басып узатат деп ниет кылып жүрөм.

Динара Чокое БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу