Тойдо мушташкан ырчыларга мода болуп кетти…

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров интернет баракчасына тойлордо уруш көп болоорун айткан.

— Чынын айтканда, тойдон урушкан жокмун, эч кимди күттүргөн эмесмин деп «күнөөсүз чымчык» болгум келбейт. Андайлар көп эле болот. Тойдо тамадалар ырдаганга күттүрүп чыгарбай коюшат. Ошондуктан тамадалар менен көп эле урушуп кеткен учурлар көп эле болот»,- дейт Дайыр.

Демек, ырчылардын баары эле мушташат экен тамадалар менен. Бирок көпчүлүгү айрымдарга окшоп «инстаграмга» жарыя кыла салбаганы жакшы экен. «Жарыяга жар салып» кээ бирлер өздөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп алып актануунун жолун издешет. «Жабылуу аяк, жабылуу» боюнча калганы туура көрүнүш.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу