Тойдо жалжаңдап бийлеген эки жашты аксакал таяк менен кубалады.

Казакстандагы тойлордун биринде улуу-кичүүнү көзгө илбей жалжаңдап бийлеп жаткан эки жашты, ачуусу келген карыя таягы менен кууп шерменделерин чыгарды. Окуя качан жана кайсыл жерде болгону белгисиз.

Видеону жүктөгөн баур тек гана: “Ушундай чалдар көп болсо го чиркин. Тойлордо балдар, кыздар адепсиз кылыктарды жасабайт эле”, – деп жазган. Чынында, Батыштын таасири менен барган сайын улуудан уят, кичүүдөн ызаат кетип баратат. Илгеркидей улуу менен кичүүнүн ортосундагы сый жок.

Бир нерсе болсо эле КСДПнын аркасы менен адам болгон депутат Жанар Акаевге окшогон океандын ары жагын карап намаз “окуган” сөөдүрлөр демократия деп айкырып чыгышат.

Акылдан адашып, улуттук баалуулуктардан ажырап баратабыз, эх…

Булак: «egemen.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу