Тойгонбай Калматов: «Атамбаевдин жин оорусу бар деп жүрүшөт…»

Эгемендүүлүк жолуна түшкөн 27 жылдан бери КМШ курамына кирген кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан жумушсуздук, кымбатчылык күчөп, артты көздөй тайгаланып, талкаланып келаткандыгына биз гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да күбө. Тээ Майрамдын доорунда да, Максимдин доорунда да, андан келип Атамбаев жетектемиш болгон Шоопурдун доорунда да мындай негативдүү процесс токтоонун же акырындоонун ордуна, убакыт өткөн сайын күчөп жүрүп отургандыгын ким танат? Бул көрүнүш айрыкча Шоопурдун доорунда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, кыргыз коомчулугу коррупциянын сазына биротоло батып, бийликтин, болгондо да жогорку бийликтин кадыр-баркы биротоло кетип, элдин ага болгон ишеними талкаланды. Бул трагедиялуу көрүнүш Майрам, Максим доорлорунда үй-бүлөлүк подряддын ыкмасы менен тамырлаган болсо, өз тагасы каргаган Шоопурдун доорунда кландык-бандалык топтун талап-тоноосуна гана дуушар болуп токтоп калбастан, акыркы жылдардагы жети баштуу бийликке сын айткандарды аёосуз куугунтуктап, саясий буюртма-жалаалардын негизинде узак мөөнөттөргө түрмөгө камоолор менен улантылды. Төмөндө маектешибиз мурдакы партиялык-советтик жетекчи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, соңку мезгилде “Элдик парламент” коомдук уюмунун саясий кеңешинин мүчөсү, кечээки зек, мурдакы атеист, 70 жаштагы Тойгонбек ажы Калматовду жогорудагыдай ойлордун төгөрөгүндө кепке тарттык.

— Тойгонбай Зикирович, “Элдик парламенттин” жетекчилиги камакка алынган 2016-жылдын 12-майы менин да эсимде. Ошол күнү “Достук” мейманканасында өткөрүлгөн 130дай киши катышкан “парламентчилердин” жыйынына байкоочу катары мен да катышып, чыгып сүйлөгөм. Сиздин саясий өнөктөштөрүңүз ошол күнү кармалып, зынданга ташталганда алардын арасында сиз жок болчусуз…

— Мен ошол учурду күнү бүгүнкүдөй эстейм. Ошондо сен акыркы болуп сөз алып, аягында: “силерди видеого тартып жатат. Сак болгула, ушул сааттардан тартып ар бириңердин артыңардан куугунтук күчөйт. Өзүңөрдөн өөн таппаса уул-кыздарыңарга, айласы кетсе мектептеги неберелериңерге чейин асылууга өтөт” дегениң менин да эсимде. Сен айткандай эле арадан 2 саат өтүп-өтпөй, “Элдик парламенттин” саясий кеңешинин 4 мүчөсү: Талгарбеков, Колубаев, Султанов жана Гусев УКМК тарабынан негизсиз кармалып, элде контора деп аталган мекеменин тергөө изоляторуна киргизилди.

— Сизди эмне үчүн ошол сааттарда кармашкан жок?

— Мени эмне үчүн кармашмак эле. Жогоруда аттары аталган төртөө сыяктуу эле мени да кармоого негиз жок болчу. Аксакалдын да өз кезеги келет дешкенби, айтор, ошол күнү мага эч ким тийген жок. Мага карата балээнин баары 1-августта башталды. Ошол күнү УКМКнын тергөө башкармалыгына чакырышты да, айтып-дебей туруп эле 10 күнгө камоого чечим кабыл алынды. Арадан 1 жыл 3 ай 15 күн дегенде 4 жылга эркимен шарттуу ажыратууга өкүм кылынып, кылмышкер атыгып, араң бошоп чыктым.

— Сизге кандай күнөө коюлду?

— Ачыктан-ачык жалаадан башка кандай күнөө коюлмак эле. Жогоруда аттары аталган 4 өнөктөшүмө коюлган оор кылмыш беренелери мага да тагылып, кылбаган кылмыштар боюнча айыптуу деп табылдым. Тактап айтканда: Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Улут аралык, аймак аралык кастыкты жаратуу), 27-, 295- (Бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу) жана 341-беренелеринде (Кызмат адамдарына кол салуу) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча айыпталдым.

— Сиз кылбаган кылмыштарды кантип далилдешти?

— Атамбаев тарабынан берилген саясий буюртма өз максатына жетти да. Ошол мен жаткан 1 жыл 3 айдан ашуун мезгилде мени болгону 4 жолу тергөөгө алып чыгышты. Эгер Атамбаев айткандай, биз мамлекетке ошончолук эле чоң коркунуч келтирип жаткан болсок, УКМКнын тергөө башкармалыгы бизге ойлонууга, даярданууга мүмкүнчүлүк бербей, жүдөтүп, шаштырып, тергөө иштерин интенсивдүү жүргүзүп, күндөп-түндөп эсибизди оодарбайт беле? Тескерисинче, ажонун айыптоочулар командасынын айлалары алты кетип, жалааны буларга кантип жармаштырсак деген ой менен гана убакыт коротуп, 3–4 айда араң бир жолудан суракка алып чыгып жатышкандыгы да мунун далили болуп жатпайбы.

Дагы бир эсимде калган нерсе — ​УКМКнын тергөөчүлөрү бизден кечирим сурашып: “аксакал баары жогор жактын буйругу менен болуп жаткандыгын түшүнүп турасыз да” деп айткандарычы. Ошондо мен тергөөчүгө (атын айтсам жабыр тартып калбасын): “балам, сен үчүн мыйзам талабы жогорубу же Акүйдүн буйругу жогорубу?” деп суроо берсем, ал: “теория боюнча мыйзам жогору, сизге карата жогору жактын буйругу жогору. Аксакал, баарын түшүнүп туруп, мени кыйнабаңызчы” деп далай жолу айтканы түшүнүктүү да.

— 30-жылдары, сталиндик-ежовдук доордо, жүз миңдеген совет адамдары эл душманы атыгып, түрмөлөрдө өлтүрүлгөн, азыраагы узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылган. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү ондогон жылдар бою “эл душмандарынын балдары” атыгып, жаманатты болуп, куугунтукта жашап келишти…

— Суроо түшүнүктүү. Атамбаев мени ак жерден каматканы аз келгенсип, чоң уулум Нурбек Маммүлк фондусунда статс-катчы, ортончу уулум Мирбек Бажы кызматында бөлүм башчы, кичүү уулум Үсөн финансы полициясында бөлүм башчы болуп көп жылдардан бери иштеп келишкендиктерине карабастан, 3өөсүн тең кызматтан кетиришти. Алардын 15–20 жылдык мамлекеттик кызматтагы кемчиликтерин издешти. Соңку жылдарда Атамбаевдин чачпагын көтөргөн, бир кезде Жаныштын артынан чай көтөрө чуркаган Иса Өмүркулов: “атасы оор кылмыштарда айыпталгандардын балдарынын мамлекеттик кызматта иштегенге моралдык акысы жок” деп сайрап чыкты.

Учурдан пайдаланып, ошол жүзүндө нуру жок Исанын өзүнө суроо бермекчимин: көп жыл мурда Ысык-Көлдө мас болуп машина айдап, 2 адамдын мээсин чачырата тебелеп өлтүргөн, 2014-жылы Токмокто мас акыбалда 3 шордууну машина менен уруп, 15 метрге сүйрөтүп барып жанын кыйган жаш алкаш айдоочунун кошоматчы атасынын мамлекеттик кызматта иштөөгө акысы барбы?!

Бир кезде темир жолдо 200 тонналык тепловозду чайнабай жутуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган Иса Өмүркуловдун ошол бактысыз беш адамдын өлүмүнөн кийин баш көтөрүп, мамлекеттик кызмат трибуналарынан бакылдап элге сын айтып жүрүшү ыйманга туура келеби? Ошол канкор баласы кийин да ГАИ кызматкерлерине зомбулук көрсөткөндүгүн эл жакшы эле билет.

Исанын башына мүшкүл түшкөндө, мен баштаган топ президентке чейин кирип, сактап калганыбызды ал унутпагандыр. Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей…

— Сиз менен кошо узак мөөнөттөргө соттолгон хаталаштарыңыз: Талгарбеков, Колубаев, Султанов жана Гусев чындап эле ак жерден кесилишти деп ойлойсузбу?

— Ойлобой эле болгон чындык. Мене өзүмдүн актыгыма кандай ишенсем, аларга да ошондой ишенем. Эгер биз чындап эле мамлекетте төңкөрүш жасаганга, Атамбаев бийлигин кулатууга даярданган, аракеттенген болсок, анда бизди кармаган учурда, тергөө-иликтөө аракеттеринин учурунда бизден жетиштүү сандагы конспирациялык объектилер, курал-жарактар, акча каражаттары, аракеттенүү пландары, уюмдашкан адамдардын тизмелери, бул максаттагы сүйлөшүүлөрдүн жазуулары жана башка далил заттар табылмак да.

Зордун түбү кор болот дегендей, Атамбаев жакын арада акылсыздык аракеттерин: чагымчылык, бузукулук иштерин токтотпосо, өзү түрмөгө түшөөрү талашсыз.

Качып бараткан ууру элди алаксытыш үчүн “ууруну карма эле ууруну карма!” деп кыйкырыптыр дегендей, Атамбаев тээ 92-жылы жазуучулар союзунун Москвадан бөлүнгөн 50 миллион рублин уурдап, жок кылгандыгын жазуучунун алпы Айтматов, экс-президент Акаев канча жолу какшап-каргап айтпады дейсиң. ТЭЦтеги элдин мойнунан алынган 386 миллион долларлардын теңин ким уурдады? Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна карыздын эсебинен алынган 2 миллиард доллардын кыйласын ким уурдады?

Датка-Кемин станциясынын курулушунда 1 чакырым электр зымын тартууга 1 миллион доллар сарпталды деп, элдин мойнунан алынган кредиттерди ким уурдады? Ашып кетсе 6 доллар турган темир кычкачты 600 доллар деп, элдин көзүн ким боёду?

— Атамбаев булардын баарын өзү жеген жок да?

— Элдин мойнунан кредитке алынып, уурдалган миллиарддарды жуткан келемиштердин башында Атамбаевден башка ким турмак эле? Ошол келемиштердин көбүн тергөө органдары акчаларын тоноп туруп, акырын качырып жиберүүдө деген эл оозундагы сөздөр бекеринен чыгып жаткан жок да. Аскар Шадиевди эле алалычы… Мындайлар ондоп саналат.

(уландысы бар)

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу