Тогуз-Торо: кендеги чырга байланыштуу жергиликтүү кеңештин төрагасы кармалды

Райондогу Атай айылдык кеңешинин 45 жаштагы төрагасы аймактагы алтын кениндеги башаламандыкка байланыштуу кармалды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына караганда, айылдык кеңештин төрагасы быйыл жаз айларында “Жи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында болгон жаңжал боюнча 7-октябрда облустук милицияга суракка чакырылып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланып жатат. Милиция айылдык кеңештин төрагасынын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок.

11-апрелде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан.

Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын кабарлаган. Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык» жана «Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 21 киши кармалган. Алардын экөө азыр убактылуу кармоочу жайда болсо, калгандары үй камагында.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу