Тогуз-Тородо мал издеп, дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды.

Тогуз-Торо районунда мал издеп, дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-абад облусунун Тогуз-Торо районунда ушул жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну — 1983-жылы туулган К. Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев, 1989-жылы туулган С.Өмүралиев Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. Алардын арасынан К.Чоялиев 12-февраль күнү кечинде Бирдик айылына келип, С.Чоялиев жана С.Өмүралиевдин адашып жоголгондугу тууралуу билдирген.

Издөө иштерине жалпы жергиликтүү тургундардан 32 адам жана ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 15-февралда саат 08:25те жоголгон 2 жарандын жансыз денелери кардын астынан табылды.

Буга чейин Тогуз-Торо районунун Кабак кыштоосунда дайынсыз жоголгон 2 адам изделип жаткандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдаган болчу.
Аларды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен. Ошондой эле, 14-февраль күнү саат 14:20да издөө иштерине айыл тургундарынан 15 адам жана ӨКМдин №46 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ат менен чыгып кетишкен эле.

Turmush басылмасы 2016-жылы Тогуз-Торо районунда тоңуп каза болгон эки эркек киши тууралуу жазган. Казарман айылынын тургуну Кошой Молдобаевдин үйүндө курулушчу болуп иштеп жүргөн 2 жаран: Надыр Тиллабаев менен Ильхом Жумабаев 23-октябрда мончого барабыз деп үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Үй ээси алар менен байланыша албай койгон. Түнкү саат 10:00 чамасында алардын бири Сары-Кыр ашуусунан аша албай калышканын, бороон болуп адашып кетип, кайра артка кайтышканын билдирип байланышкан. Үй ээси аларды Казарман — Жалал-Абад жолунда түнкү саат 3:00гө чейин издеп, таппай кайра кеткен.

24-октябрда саат 13:20да куткаруучулар тарабынан Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 44-чакырымындагы Сары-Кыр ашуусунда Ильхомдун катуу сууктун кесепетинен тоңуп калган жансыз денеси табылган. Ал эми, экинчи жоголгон киши Надыр 28-октябрда Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 46-чакырымындагы Сары-Кыр ашуусунда табылган.

Булак: «turmush.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу