Тогуз-Тородогу №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине эмгек ардагери Мойдунов Тотунун аты ыйгарылды

Кыргыздын алп акыны Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен
эскерсин” деген таамай сөзү калетсиз экендигине дагы бир жолу толук ынандым. Тогуз-
Торо районундагы Каргалык айылдык кеңешинин депутаттары өздөрүнүн 2017-жылдын
7-июнунда өткөрүлгөн айылдык кеңешинин VIII сессиясында №1 Макмал жалпы билим
берүүчү орто мектебине “ № 1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү
орто мектеби” деп атоо жөнүндөгү токтом кабыл алышып, аны бекитип берүү өтүнүчү
менен облустук бийликке жана КРнын Өкмөтүнө кайрылышты. Бул туурасында Жалал-
абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирет.
Тоту Мойдунов 1931-жылы 15-январда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында
туулган. Кадырман эмгек ардагери Тоту Мойдунов өлкөбүздүн социалдык-экономикалык
жактан өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон, республикага таанымал советтик,
партиялык жана чарбалык белгилүү коомдук ишмер инсандардын катарына кирет. Тогуз-
Торо өрөөнүндө алгачкылардан болуп 1949-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын
бүтүргөн. 1952-1957-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин
артыкчылык диплому менен аяктаган. “Элиме ак кызматым, адал эмгегиим менен
татыктуу из калтыруум керек”,-деген Тоту Мойдунов 1963-65-жылдары Казакстандын
Алма-Ата шаарындагы эки жылдык жогорку партиялык мектебин ийгиликтүү аяктаган.
Тоту Мойдунов эмгек жолун 1949-жылы Чет-Булак орто мектебинде мугалим болуп
иштөөдөн баштаган. 1957-1959-жылдары Казарман орто мектебинин биринчи директору
болгон. Ал эми 1959-1961-жылдары Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн
башчысы болуп иштеген. 1961-1963-жылдары Кызыл-Жылдыз (азыркы Каргалык айыл
аймагынын өкмөтү) менен Киров (азыркы Кара-Суу айыл аймагынын өкмөтү) колхоздору
ирилештирилип, башкармалыктын башчысы болгон. 1963-1965-жылдары Нарын
облусунун Ак-Талаа райондук партиялык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
1965-1975-жылдары Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо атындагы жана Тогуз-Торо
районунун Бирдик колхоздорунда башкармалыктын башчысы болуп үзүрлүү
эмгектенген. Ал эми 1975-1991-жылдары Казарман орто мектебинде мугалим, 1992-2005-
жылдары фермердик чарбанын башчысы болуп иштөө менен эли-жерине ак ниетинен
адал кызматын өтөгөн.
Тоту Мойдунов бир канча ирет айылдык жана райондук кеңештердин депутаты болуп
шайланган. Анын демилгеси жана уюштуруучулук иш-аракеттеринин аркасында
Казарман орто мектебине кошумча имараттар, Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо
колхозундагы Ленин атындагы орто мектепке кошумча имараттар салынып, балдар
бакчасы, айылдык клуб курулуп, айылдарга ичүүчү таза суу тартылып келинип,
республикадагы алдыңкы колхоздордун катарына кошулган.
Тоту Мойдунов өтө кичипейил жана карапайым, иштин көзүн таба билген, катардагы
жөнөкөй адамдардан тартып жетекчилерге чейин тил табыша билген жана ар дайым
элдин көйгөйүн биринчи планга койгон улуу инсан болгон. Аны жакшы билгендер анын
ысмын ар дайым урматтоо менен оозго алышат.
Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салымын кошкон Тоту
Мойдуновдун эмгеги адилеттүүлүк менен бааланып, “Ардак белгиси” ордени жана 2 жолу
“Эмгектеги артыкчылыгы” медалдары менен сыйланган. КРнын билим берүүсүнүн
отличниги төш белгисинин татыктуу ээси болгон. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин
Тоту Мойдунов коомдук уюм болуп саналган Тогуз-Торо райондук карыялар кеңешинин
төрагасы болуп иштеген. Тогуз-Торо райондук жана Жалал-Абад облустук мамлекеттик
администрацияларынын “Ардак грамоталары” менен сыйланып, Тоту Мойдуновго Тогуз-
Торо районунун “Ардактуу инсаны” наамы ыйгарылган. Тогуз-Торонун улуу инсаны Тоту
Мойдунов өмүрлүк жубайы Данагүл менен 5 кыз, 1 уулду, ондогон неберелерди
тарбиялап өстүрүштү. Бир тууган иниси Абибилла Мойдунов Кыргызстандагы алгачкы
легендарлуу парламенттин депутаты болгон.

Булак: kyrgyztoday

Аргумент.kg
Жооп калтыруу