«ТНК Дастандагы» Албектин алкымы – 22 млн сом менен ченелгенби?

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «ТНК Дастан» ААКсын жетектеп турган кезинде мамлекетке ири суммада зыян алып келген деген шек менен кылмыш иши козголгону маалым. Албетте, бул кылмыш ишин Албек мырза өзү дагы эч кандай саясий куугунтук эмес деп билдирген. 

Чындыгында эле ошондой. Себеби, фактыдан качып кутулуу кыйын. Эгерде конкреттүү факты көрсөтүлбөсө, А. Ибраимов оппозция өкүлү болуп, бийликти сындап жүргөн болсо да, саясий куугунтук деп айтууга кандайдыр бир негиз болмок. Бирок, бул жерде андай негиз жок.

Биз фактыны гана айтып коелу, калганын окурман өзү анализдеп алат. 2012-жылдын 25-январында «ТНК Дастан» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы А. Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын генералдык директору А. Сасыбаеванын ортосунда 80 даана «И-239» буюмун (жарылткыч) сатып алып алып келүүгө жалпы суммасы 533 760 АКШ долларына №12/003-290 контрагы түзүлгөн. Анда ар бир буюмдун комплектисин сатып алуу жана алып келүү 6672 АКШ долларына бааланган болот.

Ошону менен бирге, текшерүүнүн жүрүшүндө «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы (ошол убакта анын 30% үлүшү «ТНК Дастан» ААКсына тиешелүү болгон) 2012-жылдын 15-мартында «Украинмаш» мамлекеттик чарбалык эсептеги тышкы соодалык жана инвестициялык фирмасы менен түзүлгөн №3/18-К келишиминин негизинде 80 даана «И-239» буюмун 14 400 АКШ долларына сатып алып, аны Кыргызстандын территориясына 49 000 АКШ долларына жеткиртип алган. Ошондо жалпысынан буюмдун бир даана комплектиси 792 АКШ долларынан айланган.

Ошентип «ТНК Дастан» ААКсы «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы менен түзгөн контрагынын аркасы менен мамлекетке 470 360 доллар зыян алып келген. Аны ошол убактагы курс менен сомго которгондо 21 942 858 сомду чапчыйт. Бул факт. Демек, ошол акча кайра казынага кайтарылышы керек жана бул кыңыр ишти жасагандар темир тор артында жазасын өтөп чыгышы гана керек.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу