Тишти жөнөкөй жол менен агартыңыз!

Тишти берметтей жаркырап турушу үчүн эмне кылыш керек? Бул көпчүлүгүбүздү тынчсыздандырган суроолордун бири. Ошол себептен эң жөнөкөй жана бирок натыйжалуу эки ыкманы сунуштагым келет.

Эң биринчи эле тишти күнүнө эки жолу эртең менен жана кечинде жууганды унутпаш керек. Эртең менен тиш пастасы менен тамактын алдында жууган жөн, ал эми тамактангандан кийин суу менен чайкап таштооса болот.

Тишти агартуунун жолдору көп, дарыгерге барып комплекстүү агартуу же болбосо атайы куралдар менен үйдө тазалоого мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул ыкмалар тиштин эмалына зыян келтирет деп корксоңуз, жөнөкөй эле сода менен же активдештирилген көмүр менен жууңуз.

XVIII кылымда француз химиги ойлоп тапкан соданын пайдасы мол. Аны тамагыңыз ооруганда, ашказаныңыз кыжылдаганда, болбосо таманыңыз жарылганда колдонсоңуз болот. Ошону менен катар тишиңизди агартуу үчүн колдонсоңуз да жакшы жардым берет. Күн сайын жарым чай кашык ашкана содасы менен тишиңизди жууңуз. Андан кийин тилиңиздин үстүн тазаласаңыз, түстүн калыпка келишине жардам берет.

Активдештирилген көмүрдү көптөгөн кыз-келиндер ашыкча салмак таштоо үчүн пайдаланышат. Андан бөлөк дагы бул дарынын пайдасы көп. Мисалы, тишиңизди күн сайын активдештирилген көмүр менен жуусаңыз, көп өтпөй аппак тиштерге ээ болосуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу