Тишиңиз ооруса…

Эгер тишиңиз катуу ооруса, ал эми тиш дарыгерге барууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой жатса жалбызды кайнатып, оозуңузду чайкаңыз. Кайнатманы ооруган жерге бир аз кармап туруңуз. 15-30 мүнөттүн ичинде ушундай 3-5 жолу жасасаңыз оору басылат.

Элдик ыкма менен дарылоо:

Кулагыңызга майдалап тууралган пиязды марлиге ороп оору басылганча салып коюңуз (эгер сол жактагы тишиңиз ооруса оң кулакка, оң жактагысы ооруса сол кулакка салат).

Билегиңиздин ички жагына сарымсак сүйкөп же байлап алыңыз.

Эгер тиш невралгиясы болсо, тишиңиздин түбүнө пияздын суусу малынган кебезди коюп коюуңуз.

Оозду туздуу суу менен (1 стакан сууга 1 чай кашык туз саласыз) чайкаңыз.

Ооруну басуу үчүн тишиңизге 4-6 саат сайын аспирин (чоңдор үчүн) басуу керек.

Тишке жылуу нерсе басууга болбойт, ал тиш оорусун күчөтүп жиберет. Андан көрө ооруган тишке же ооруп жаткан тиштин бетине муз кесегин күнүнө 15 мүнөткө 3-4 жолу басыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу