Тирүү адамга тийген курандын сообу

Бул окуя тээ илгери согуш учурунда болгон экен. Капараалы жыйырма беш жаш курагында согушка кетип, арадан бир жыл убакыт өткөндө үйүнө кара кагаз келет “балаңар, баатырларча курман болду” деп. Курган атасы, энеси, алган жары бул кабарды угушканда ыйлап-какшап, мал союп куран окутушат. Билинбей убакыт алга жылып, согуш да бүтөт. Согуш бүткөндөн кийин, бир жылдан соң өлдү деген Капараалы күтүлбөгөн конок болуп, кеч кирип калганда үйгө кирип келгенде атасы, апасы, келинчели таң калып калышат. Ал турсун айыл эли бүт жабылып келип учурашып, эмне болуп кеткенине түшүнө албай турушканда, Капараалы болгон окуяны түшүндүрүп айтып берет.

— Ооба, ошол күнү биз абдан катуу салгылашка кабылдык. Анан немистер чабуулга өткөндө, жанымдагы бирге кызмат кылган казак жигит экөөбүз өзүбүздүн полктон адашып, башка полктун солдаттарына кошулуп калып, бир апта немистерге каршы согушта болдук. Анан бир күнү окопто ачка немистердин чабуулун күтүп жатканыбызда менин оозума кадимкидей боорсоктун, куйкум эттин жыты келди. Анан кадимкидей бышкан эттин жыты келип курсагым тоюп калгандай болду. Ошол күнү дагы катуу салгылаш болуп мага ок жаңылып, госпиталга жатып калдым. Госпиталдан биздин полкто кызмат кылган Иван Петрович деген капитан менен жолугушуп калсам, ал мени көрүп алып абдан таң калып калды.

Анан ал айткан эле:

-Сен үйүңө кат жазып байланышпа, биз “сени каза болду” деп үйуңө кара кагаз жиберген элек. Аларды кубандырып, айттырбай кирип бар –деп кеңеш айткан. Мен ал жерден жакшылап дарыланып алып, мен өзүмдүн полкума барып кошулдум да, анан кайра согуш талаасында болдум. Кээде курсак ачкан кездерде кыргыз тамактарынын жыты келип кадимкидей курсагым тоюп калып жүрдү. Ошондо ойлоп койгон болучумун,”мени эстеп куран окуп жатышат” го деп.

Баса, биз акыры немистерди кубалап жүрүп олтуруп Германияга кирип, Подздам шаарын аларда дагы мага ок жаңылып, кайра госпиталга жатып калдым. Ал жерде бир жарым жылдан ашык дарыланып, минтип толук айыкканда гана мени коё беришти-деп болгон окуяны айтканда, уккан кишилердин баары окулган куран тирүү адамга тийип жатканын өз кулактары менен угушту. Анан окулган курандын сообу каза болгон адамга кантип тийбесин деген ойдо калышты.

Андыктан, кымбатту окурмандар, бул окуя болгон, бирок тилекке каршы каармандын атын өзгөртүп бергенге туура келди. Алиги Капараалы деген киши кечээ жакында токсонунчу жылдын аяк жагында жашы токсонго жакындап каза болгонун эсиңиздерге салабыз. Андыктан, көзү өтүп теткен маркумдарга куран окуганды унутпагыла, сообу сөзсүз тийет. Бул окуя атайын сиздерге сабак болобу деген мааниде жазылды.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу